Мастурбацияга кайсы убакта уруксат берилет?
// //
Мастурбацияга кайсы убакта уруксат берилет?
Улан Усупов
Теолог
Негизинен, мастурбация маселесине динибиз тыюу салган. Башкача, айтканда, андай жалган кумардан абайлашыбыз керек. Исламда алдын алуунун жолу көрсөтүлгөн. Пайгамбарыбыз: "Үйлөнүү курагына келген, үйлөнүүгө мүмкүнчүлүгү бар жигит үйлөнсүн, ага күчү жетпесе орозо кармасын" - деген. Маструбация - жаштарыбызды алсыраткан, оюн, дилин, көзүн булгаган жаман өнөкөт. Маструбация кылуу менен жоопту болуп каласың. Уктап жатканда түнкү поллюция болсо жоопкерчиликке тартылбайсың. Аалымдарыбыз жаштарга “Мастурбация кылбагыла, аны жаман өнөкөткө айландырбагыла” - дешкен. Бирок, кандайдыр бир арам жолго баруу, башкача айтканда зынаа коркунучу туулса, уруксат берилет деген жери бар.