Кош бойлуумун. Менин каным 1-группа, терс, жолдошумдуку оң. Балага кандай таасирин берет?
// //
Кош бойлуумун. Менин каным 1-группа, терс, жолдошумдуку оң. Балага кандай таасирин берет?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, кош бойлуунун каны терс, жолдошунуку оң болсо түйүлдүккө 28 жума болгондо, протокол боюнча кан анализин тапшырасыз. Эгер анализиңиз таза чыгып, бала төрөлгөндө 3 күн ичинде каны сиздикиндей терс болсо, эч нерсе болбойт. Ал эми атасыныкындай оң болсо, сөзсүз түрдө “резонатив” деген укол алышы керек.