Мен 16 жаштамын. Беш бир тууганбыз. Апам мени себеби жок эле уруша берет. Апам урушуп жатканда атам бизге болушпайт. Үйүбүздө күндө чыр-чатак. Эмне кылсам болот?
// //
Мен 16 жаштамын. Беш бир тууганбыз. Апам мени себеби жок эле уруша берет. Апам урушуп жатканда атам бизге болушпайт. Үйүбүздө күндө чыр-чатак. Эмне кылсам болот?
Гүлбарчын Жумабаева
Никелер жана зомбулук боюнча эксперт
Урматтуу окурман, апаңыздын сизди себеби жок уруша бергени боюнча мектептеги социалдык педагог же ИДНге билдирсеңиз болот. Үй-бүлөдөгү уруш-талаштан улам маанайыңыз чөгүп, чүнчүп, психологиялык жактан жабыркап жана сабакты жакшы окубай калышыңыз мүмкүн. Социалдык педагог жана ИДН апаңызды чакырып, бул тууралуу сүйлөшөт. Балдарга зомбулук аракеттерин жасоого мамлекет тарабынан жол берилбей тургандыгын түшүндүрөт. Балким, апаңызга дагы психологдун жардамы керек. Унутпаңыз, апаңыз, сиз жана башка бир туугандарыңыз бактылуу жана ынтымактуу жашоого укуктуусуздар!