Эмгек келишими менен иштегенде стаж эмгек китепчесине жазылабы?
// //
Эмгек келишими менен иштегенде стаж эмгек китепчесине жазылабы?
Гүлмира Осмонкулова
Бухгалтер
Урматтуу окурман, эмгек стажы эмгек китепчесине жазылбайт. Эмгек китепчесине, келишим менен жумушка алынып иштеп баштаган күндөрү жазылат. Эмгек стажы - ар бир адамдын иштеген мөөнөтү. Эмгек стажынын негизинде пенсия эсептелет. Эреже катары, эмгек стажын кадр маселеси боюнча адис же бухгалтер эсептейт. Иштеп баштаган күнүңүздөн баштап, жумуштан чыккан мөөнөткө чейинки убакыт эмгек стажы болот. Мисалы 15.03.2004 жумушка кирсеңиз, 16.06.2008 жумуштан бошосоңуз, эмгек стажыңыз 4 жыл, 3 ай, 1 күндү түзөт.