// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Инимдин акчасын бербей жатышат

Иним 16 жашта. Дос балдары менен көлдөгү пансионаттын бирине иштейм деп  кетип калыптыр. Өкүнүчтүүсү, кожоюну айлык маяналарын бербей жатыптыр. Эмне кылсак болот?

Эксперттин жообу
28.06.2018, 14:45
Бактыбек Усупбеков
Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы

Эгерде жумушчулар жумуш берүүчү тараптан кандайдыр бир мыйзамсыз иш аракеттерди көрсө, алсак, эмгек режими бузулса, айлык маянасын ала албаса, жумуш учурунда жаракат алса, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын астындагы Эмгекти коргоо жана эмгектик мамилелер башкармалыгына арыз менен кайрылса болот. Ошол жерден жумуш маселелерин чечип, айып же административдик жаза беришет. Дареги: Бишкек шаары, Ахунбаева көчөсү 119, +996 (312) 56-30-27

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт