// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Жашоо кызыгын жоготуп алдым

Мен азыр абдан оор абалдамын. Себеби жашоого болгон кызыкчылыгымды жоготуп алдым. Жакында эле бул нерсени дос кызыма айтсам, олуттуу кабыл албай койду. Сиздер мени акылсыз бирөө деп ойлоп калышыңыздар мүмкүн. Суранам мага кеңеш бериңиздерчи. Эч нерсеге кубанбай калдым. Кечээ дос кызым экөөбүз сейилдеп, киного барып жана таттуу көп нерселерди алып жедик. Бирок ишенесиздерби, эч кантааттануу алган жокмун. 2 күндөн бери сабагыма бара элекмин, тайпалаштарымды жаман көрөм, алар менен бир жерде болгум келбей калды. Мени эч ким түшүнбөй жаткандай сезимдер болууда.

Эксперттин жообу
07.02.2018, 11:07

Ильдар Акбутин

Психолог

 

Абалыңызды сүрөттөп бергениңиздей, өзүн жалгыз жана керексиз сезүү бул абдан кайгылуу нерсе. Балким бул сезимдер сиз менен көптөн бери болуп жаткандыр. Адатта бул нерселер ар кандай себептер менен пайда болот. Бирок алардын бири, бул абал сизге балачактан отуруп калгандыгында. Эгерде ата-энелер өтө эле катуу кармап, балага жетиштүү мээрим төгүп, көңүл бурбаган болсо, бала жалгыздык менен сүйүүнүн жоктугун сезет. Чоңоюп калганда дагы ушундай болот. Өз алдынча бул абалдан арылуу кыйын. Андыктан мен сизге тажрыйбалуу психологдон терапия курсун өтүүнү сунуштайм. Ал сизге жашоонун кызыгын, өзүңүздү табууга жардам берет. Сиз азыркыдай болуп төрөлгөн жоксуңуз, жашоого, өзүңүзгө болгон негативдүү мамилени өзгөртсө болот. Сиз суроону кененирээк бербегендиктен, сизге конкреттүү жооп берүү кыйын болууда. Менин кеңешимди кабыл алсаңыз, жашоого жана өзүңүзгө болгон мамиле өзгөрөт. Жыргап жашоо үчүн эки гана нерсе керек, жыргоо жана жашоо. Мага ишениңиз, жашоого кубанып жашаганды үйрөнсө болот. Сизге өзүңүздү табууга ийгиликтерди каалайм.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт