// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Апам мени мактабайт

Жашым 17де. Үйдө жалгыз кызмын, 2 байкем бар. Үй жумуштарын бардыгын кылам. Канчалык аракет кылбайын, бирок апам эч алкыш айтпайт. Дайыма ишимен кемчилик таап уруша берет. Эмне кылсам болот? Апамдын мүнөзү татаал, мен андан корком.

Эксперттин жообу
07.02.2018, 11:08

Тамара Воронцова

Психолог

 

Сиз бой жетип калыптырсыңыз. Аз убакыттан кийин үйүңүздөн кетесиз. Жатаканага, батирге же болбосо турмушка чыгасыз. Өзүңүздүн жеке жашооңуз башталат. Эгерде азыр апаңыз сизди мактабай жатса, өзүңүзгө өзүңүз алкыш айтыңыз. Сулуулугуңуз, ийгиликтериңиз, сабырдуулугуңуз, кыялдарыңыз, айтор бардыгы үчүн. Бул нерсе эркин болууга жардам берет. Жыйынтыгында сиз кийин жолдошуңуздан, мүдүрүңүздөн же кесиптештериңиз, жакындарыңыздан мактоо талап кылып, күтпөйсүз. Болгону дайыма өзүңүздү мактап туруңуз. Бул абдан маанилүү жана көпкө же өмүр боюу жасасаңыз өзүңүзгө болгон баанын көтөрүлүп жатканын сезесиз. Эмесе баштайлы, сиз акылдуусуз, сулуусуз, эмгекчилсиз жана сабырдуусуз, тамакты мыкты жасайсыз, үйлөрдү тыкан жыйнайсыз жана башка. Көйгөйүңүздү айтып, кат жазып, жардам сураганыңыз сиздин тайманбаган, азамат экениңизди көрсөтүп турат. Сизге ийгилик каалайм.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт