// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Мен бактысыздык алып келем

Туулган күнүм жакындаган сайын, мени апам жаман көргөндөй сезиле берет. Кээде төрөлгөнүмө өкүнөм. Анткени мен төрөлгөндөн эле бактысыздык алып келгем. Апам мени төрөгөнгө кеткенде уурулар үйдөн апама тайенем берген аябай көп алтынын уурдап кетишкен. Анан мен дайыма ойлоп калам мен төрөлбөсөм ушулар болбойт беле деп. Жылына апамдын маанайы менин туулган күнүм келгенде өзгөрө берет. Апам бир-эки жолу мага “сени төрөбөй эле койсом болмок” дейт. Кээде үйдөн чыгып кетким, кээде өлгүм келе берет.

Эксперттин жообу
07.02.2018, 11:10

Тамара Воронцова

Психолог

 

Сиздин төрөлүшүңүз менен алтындар жоголуп кеттиби? Бирок башка, эч нерсеге алмашылгыс баалуулук пайда болду, ал-сиз жараткандан ата-энеңизге берилген баа жеткис белексиз. Алтыным, сизге азыр кыйын болуп жатканын түшүнүүдөмүн. Себеби ар бир бала мээрим алып, сүйүүдө өсүшү керек. Андыктан келечекте балалуу болгонуңузда, сиз аларга түгөнгүс мээрим бересиз. Сиз азыркы оор абалыңызда, балдарга кантип тарбия бербеш керек экенин билдиңиз. Көп учурларда ата-энеси жакшы көрбөгөн кыздар же келиндер, кийин карып, картайып калган апаларын таштабастан, аларга кам көрүшөт. Апаңыз азыр ал жөнүндө ойлобой жатат, бирок дал ушундай болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт