Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат
Соттор акыйкатсыз экен
Таанышым акча топтоп жери менен үй алган. Аны убактылуу карап туруу учун тууганын киргизген. Эми ал үйдү ошол адам “меники” деп талашып жатат. Кызыл китеби бар, үй өзүнүн атында. Бирок ушул нерселерге карабастан 5 жылдан бери ошол тууганы менен соттошуп жүрөт. Муну кантип чечсе болот? Соттордо да чындык жок.
Эксперттин жообу
Назира Абдумуминова
Юрист
Урматтуу окурман, таанышыңыздын абалы оор экен. Бул маселени бир гана сот чече алат. Эгерде 5 жылдан бери чечилбей келе жатса, соттордун акыйкатсыздыктарына арызыңыздар бар болсо, дисциплинардык комиссияга кайрылыңыздар. Жыйынтыгы сөзсүз жакшы болот деп ишенем.