Сырымды сактай албайм. Жашоомдо болгон нерселердин баарын эле досторума, туугандарыма, үйдөгүлөргө айтып сала берем. Бул адаттын айынан кээде шылдың дагы болуп калам. Сыр сактоону кантип үйрөнсөм боло?
// //
Сырымды сактай албайм. Жашоомдо болгон нерселердин баарын эле досторума, туугандарыма, үйдөгүлөргө айтып сала берем. Бул адаттын айынан кээде шылдың дагы болуп калам. Сыр сактоону кантип үйрөнсөм боло?
Гүлмира Молдокулова
психолог
“Сүйлөгөндү үйрөнсөң бул чоңойгондун белгиси, унчукпаганды үйрөнсөң акыл киргендин белгиси”- деген сөз бар. Эстеп көрсөң көп учурда өзүңдү өзүң эмне үчүн сырымдын баарын айтып салдым деп урушасың, жемелейсиң жана басынта бересиң. Эч качан эсиңден чыгарба алдыга койгон пландарды, ой-тилектерди, жашыруун сырларды бирөөрөлөргө же баарына айтып койсоң, алардын аткарылышы болжол менен 50% гана болуп калат. Негизинен сырды айтпай коюу үчүн күчтүү эрк керек, ал эми эрктүү болуу ар бир адамдын колунан келчү иш. Мындан тышкары дагы сыр сактоочу сапатка өзүңдү тарбиялап алышың абзел. Кантип тарбияласа болот? Мисалы үчүн, көбүрөөк жалгыз болгонго аракет кыл, сырды айтып жиберейин деген учурда дем алуу көнүгүүсүн (бир нече жолу терең дем алуу) жасаса болот, балким ушул убакыттын ичинде айта турган ойлорду айтпай каласың. Көчүлүк учурда онго чейин санагыла деген сунуштар берилип келет, бул дагы өзүнүн жардамын берет. Көбүрөөк китеп оку, ошондо сүйлөшүү учурунда сыр жөнүндө эмес ошол китеп жөнүндө сөз баштап, жаңы тема ачып кете аласың. Элибизде унчукпаган кишилер жөнүндө айтып коюшат го “оозуна суу толтуруп алгансып сүйлөбөйт” деп сунушум сен да ошент. Кантип десең, дайыма жаныңа суу алып жүр, сырды айтып салаарда сууну оозуңа бир нече секунд жутпай туруп турсаң оюң өзгөрө түшөт. Эгерде аябай эле сырыңды айткың келсе күзгүгө барып өзүңө өзүң айтып бер.