Милиция болгум келет. Тилегиме кантип жетсем?
// //
Милиция болгум келет. Тилегиме кантип жетсем?
Темирбек Камчыбек уулу
Укук коргоочу
Урматтуу окурман, эгер сиз коомду жана жеке инсандын коопсуздугун камсыз кылууну, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү кааласаңыз юридикалык билим алыңыз. Сизге Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э. А. Алиев атындагы Академияны сунуштайм. Милиция болуу үчүн эң башкысы эл менен тил табышканды үйрөнүңүз. Убакыттын өтүшү менен мекенге, элге өтөгөн кызматыңызга жараша кызмат ордуңуз көтөрүлөт. Окууга кантип тапшырам десеңиз, Райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылсаңыз жардам беришет.