// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Дос кызымды сүйүп калдым

Дос катары сүйлөшкөн кызды сүйүп калдым. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
20.06.2018, 14:12

Гүлмира Молдокулова

Психолог

Кызга түз эле “мен сени сүйөм” деп айтпаңыз. Башка сөздөр же мамиле менен билдириңиз, анткени бул сөзгө кыз да даяр болбой сиз күткөндөй жооп бербеши мүмкүн.

Сүйүүңдү далилдөө үчүн өзүңдүн эркектик сапаттарыңды көргөзүп, кызды үйүнө чейин узатып, ыңгайы келсе анын сумкасын көтөрүп, башка тийишкен балдардан коруп, албетте мушташуу жолу менен эмес. Ушинтип ал кызга сен өзгөчө мамиле кылып жатканыңды билдиресиң. Биринчиден, ага кам көр, кыздардын көбү бул нерсени жактырышат. Экинчиден, ал кыз менен сүйлөшүү учурунда ага жаккан темаларды козгоп, ички дүйнөсүн билгенге аракет кылып, анын ойлору, максаты кандай экенин бил. Үчүнчүдөн, чогуу сейилдөөгө чакырсаң болот, ага өзгөчө бир нерселерди үйрөткөнгө, көргөзгөнгө аракет жасап. Мисалы: велосипед , роллик, лыжа, коньки тепкенди үйрөтүп же зоопаркка алып бар. Көп учурда чогуу болгондо эки адам бири-бирине жакындашат. Анда-санда кичинекей белектерди берип турсаң болот. Мисалга, жөнөкөй эле талаада өскөн гүлдөн кичинекей букет кылып. Мындай мамиледен улам ал кыз сенин сезимиң бар экенин түшүнөт.

Жогорудагы сунуштарды аткарып анан жакшы көрөрүңдү нейтралдуу формада билдир, мисалы: “сен мага жагасың, сени менен мага убакыт өткөргөн кызыктуу, сени көпкө көрбөй калсам бир нерсени жоготкондой болом, улам-улам эсиме келип турасың” деп. Анан албетте кыз тарапта сага болгон сезим ойгонсо, жакшы жооп аласың.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт