Турмушка чыкканыма 9 ай болду. Цистит болуп ооруп канефрон дарысын ичсем эки айлык түйүлдүгүм түшүп калды. Андан бери беш ай өттү. Боюмда болбой жатат эмне кылсам болот?
// //
Турмушка чыкканыма 9 ай болду. Цистит болуп ооруп канефрон дарысын ичсем эки айлык түйүлдүгүм түшүп калды. Андан бери беш ай өттү. Боюмда болбой жатат эмне кылсам болот?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу окурман, биринчиден боюңуздан түшүп калышы дарыдан эмес, циститтин инфекциясынан болушу мүмкүн. Экинчиден, бойдон түшкөндөн кийин жолдошуңуз менен биргеликте текшерилип, дарылануу курсун алышыңыздар керек болчу. Айтаарым азыр деле кеч эмес, дарыланып балалуу болууну пландаштырыңыздар.