18 жаштамын. Коңурук тартам. Эмне кылсам болот? Бул бир оорунун белгиси эмеспи?
// //
18 жаштамын. Коңурук тартам. Эмне кылсам болот? Бул бир оорунун белгиси эмеспи?
Чынара Балтабаева
Терапевт
Ооба, коңурук тартуу бул белгилүү бир оорулардын себебинен болушу мүмкүн. Мурундун ичине эт өсүп бүтүп калса же белгилүү бир жаракат алгандан улам шишик пайда болгондо, ашыкча салмак азабын тартканда, ангина жана богокко кабылганда адам коңурук тартат. Ошондой эле жаш улгайган сайын коңурук тартуу ыктымалы жогорулайт. Чылым тарткан, алкоголдук ичимдиктерди колдонгондор дагы бул көйгөй менен жабыркайт. Сиз лорго кайрылып текшерилиңиз. Эгерде толук адам болсоңуз, ашыкча салмактан арылсаңыз коңурук өзү эле кетип калат.