Мен көп уктайм, алсырай берем. Сергек болуу үчүн эмне кылсам болот? Кандай витаминдерди ичейин?
// //
Мен көп уктайм, алсырай берем. Сергек болуу үчүн эмне кылсам болот? Кандай витаминдерди ичейин?
Гүлмира Бейшенбаева
Терапевт
Табитиңиз жок болуп, алсырап жатсаңыз, жашылча, мөмө-жемиштерден көбүрөөк жеңиз. Алардын курамындагы витаминдер тамакка болгон табитти ачат. Эң жакшысы лимон, апельсин, жүзүмдүн кычкыл сорттору туура келет. Ошондой эле ар бир күнү алма жеп туруңуз. Ал ашказандагы атайын пепсин затын бөлүп чыгууга жардам берет. Мындай учурда тамак сиңирүү жакшырат. Көбүрөөк энергия сарптаңыз. Спорттун бир түрүн тандап алып машыгыңыз, жөө басыңыз. Таза абада жакшылап сейилдеп, уктоо режимиңизди калыбына келтириңиз. Сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылып, текшерилип коюңуз.