Мен 11-класста окуйм. Медициналык Академияга тапшыруу үчүн сөзсүз англис тилин жакшы билиш керекпи? Бюджетке окугум келсе ЖРТы упайы канча зарыл?
// //
Мен 11-класста окуйм. Медициналык Академияга тапшыруу үчүн сөзсүз англис тилин жакшы билиш керекпи? Бюджетке окугум келсе ЖРТы упайы канча зарыл?
Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын кабыл алуу комиссиясы
Медициналык Академияга тапшыруу үчүн англис тилин мыкты билүү керек деген нерсе жок. Бул адамдын өзүнөн көз каранды. Негизги керек болчу сабактар химия жана биология. Булардын упайы ЖРТда 60тан өйдө болушу керек. Бюджет жана контрактык негизде окууга ЖРТнын 110дон жогорку упайлары каралат. Упайыңыз канчалык көп болсо, бюджетке окууга мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук көп болот.