Тынчтык Бакытов
Психолог
Урматтуу окурман, сизде көптөгөн ой-толгоолор болуп жатыптыр. Мамиле же үй-бүлө куруу үчүн эки тараптын тең макулдугу керек. Ата-энеңиз тандаган коңшу кызга сезимиңизди айтсаңыз эле макул болот деген ойдон алыс болуш керек. Ал кыздын дагы өз кааалосу, тандоосу бар.
Өзүңүз билим алып жаткан окуу жайдагы кызга сезимиңизди айтуудан тартынбаңыз. Балким сезимди билдирүүдөн мурун, ал макул болсо жөн гана сүйлөшүп жакын мамиле курганга аракет жасасаңыз болот.
Үй-бүлө кураарда кийинки эрежелерди билип алганыңыз оң:
- Мамиле курууга эки тарап тең макулдугун бериши керек;
- Кимди тандабаңыз, ал адам менен сиз жашайсыз, ата-энеңиз эмес;
- Тандоодо болгон баардык жоопкерчиликти өзүңүзгө алууңуз зарыл. Кийин келишпестик болуп кетсе ата-энеңизди күнөөлөшүңүз мүмкүн;
Туура чечим чыгарасыз деп ишенем!