Абортту канча айга чейин, кантип кылса болот? Кандай дары-дармектер керек?
// //
Абортту канча айга чейин, кантип кылса болот? Кандай дары-дармектер керек?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, аборт-бул күтүүсүз кош бойлуулуктан кутулуунун эң жаман ыкмасы. Медицинада кош бойлуунун ден-соолугу көйгөйлүү болуп, баланы төрөө энеге зыян алып келе турган болсо гана, комиссиянын текшерүүсү аркылуу бойдон алдырууга уруксат берилет. Гинекологдун текшерүүсүнөн өтүңүз, дарыгерин сунушу керек. Шашылбаңыз, кылдаттык менен ойлонуп, чечим чыгарыңыз.