Мен азырынча 10-классмын.11ди бүткөндө аскер жагына окуюн дегем. Бул жактын кыздарга тиешелүү кандай талаптары бар.
// //
Мен азырынча 10-классмын.11ди бүткөндө аскер жагына окуюн дегем. Бул жактын кыздарга тиешелүү кандай талаптары бар.
Суроого Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясы жооп берди:
Аскер жагына тапшырам десеңиз, биздин академияга келсеңиз болот. Окутуу эки багытта жүргүзүлөт. Бюджеттик жана контрактык. Кыз эркек деп бөлүнбөйт. Бюджеттик негизде окутууга жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары жана физикалык даярдыгы боюнча нормативди тапшыруусу талап кылынат. ЖРТнын баллы 110дон жогору болушу керек. Ал эми контрактын негизде жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат. ИИМдин Академиясына тапшыруу үчүн өздүк документтерин дайындоо боюнча катталган жериңиздин милициясынын райондук бөлүмдөрүнө кайрылышыңыз зарыл. Ал жактан кененирээк маалымат аласыз. Биз менен төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыз болот. 0 (312) 63-14-31, 63-09-18, 63-14-19