AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Программалоо жөн гана тил

Программалоо жөн гана тил, андан коркпогула! Сейитбек Усмановдон кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Вашингтондо жашаган Salesforce компаниясынын IT адиси Сейитбек Усманов түз эфирибизде конокто болуп, окурмандар суроолоруна жооп берди. Эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз. 

— Программист болбой жана программист болуп жашоонун айырмасы iPhone менен Nokia сыяктуу эле. Эгер программист болсоңор жашооңор iPhone 13 өңдүү кооз, кызыктуу, түстүү, мүмкүнчүлүктөргө бай болот.

— IT тармагына өтүп жатканда мен акчасына кызыкпадым. Бул жерден андан дагы маанилүү нерсе бар, жасаган жумушуңдун натыйжасын көрөсүң, адамдар эмгегиңди баалашат.

— Бир кесиптен экинчи кесипке өтүү мен үчүн абдан кыйын болду. Албетте, IT тармагына өткүм келгенин билгем, бирок кантип өтүү керектигин билбегем. Менде ментор болгон эмес, өзүм изденгем, жарым жылдай өтө кыйналгам. Мен басып өткөн жол көптөр үчүн жарабайт, алар жарым жолдон артка кетип калышы мүмкүн. Мен эмнени окуш керек экенин билбей, бардык нерсени окуй бергем. IT дүйнөсү бул океан сыяктуу, кайсы жерден сүзүш керек, кайдан чөгөсүң, акула кайсы жеринде дегендей, баарын билбейсиң. Ошон үчүн мен убакыттан уттурдум. Эгер так кайсы тармак экенин аныктап, эмне кылуу керектигин 4-5 кадам алдыга билгенимде, эки жыл эмес, төрт ай кетмек. Ошон үчүн мен баскан жолду башкалар баспасын деп, курстарды иштеп чыктым. Жаңы кесип үйрөнгүңөр келсе силерде эки жол бар: өзүңөр изденип, акыр аягы кеч болсо дагы ийгиликке жетесиңер же убакыт, энергияңарды үнөмдөп, ментор таап, батыраак ийгиликке жетесиңер.

— Жакшы мугалимдер жаман окуучулар менен иштешүүнү каалабайт. Анткени, силер аракет кылбасаңар, ал үчүн жаман көрсөткүч болуп эсептелет. Ар бир мугалим окуучусунун ийгиликке жетишин каалайт. Андыктан, аракет кылгыла.

— Программистке математика керек деген миф. Программалоо — бул англис, кытай, же немис тили сыяктуу жөн эле тил. Андыктан, коркпогула. Жарым жыл чыдап койсоңор, үйрөнүп кетесиңер. Эч кандай математика кереги жок.

— Эмнеге англис тилин билбейсиңер? Азыр тил билбейм деген шылтоо жок, интернетте толтура бекер курстар бар. Кинолорду орусча көрбөгүлө. Жашооңорду англис тили менен курчагыла, тил өкүлдөрү менен сүйлөшкүлө, практика кылгыла. Англис тилин билбесеңер, билимден артта каласыңар. 

— Жашоодо эч ким сизге кепилдик бербейт. Кепилдикти мошенниктер гана берет. Жакшы нерселерде кепилдик жок. Гарантия болсо, баалуулугу түшүп калмак. Силер рискке баргыла. 

— Жакшы менторлордун убактысы аз. Алардын убакытын сыйлашыңар керек. Алар менен жөн эле таанышуунун пайдасы жок. Мага «Кандайсыз?» деп жазышат. Мен мындай катка кантип жооп берем? Баары менен таанышып отурганга убактым жок. Дароо баарын, так жазгыла, «менин атым мындай, менин суроом мындай» деп. «Голосовой» кат жөнөтпөгүлө. Суроолорду дароо, так, кыска кылып бергенди үйрөнгүлө. 

—  IT тармагын китеп менен окуп үйрөнүүнүн кереги жок. Китепти басып чыгаргыча маалымат эскирип кетет. Азыркы заман ютуб заманы, инстаграм заманы. Ошолорду колдонгула. Ютубда толтура маалымат бар, алар бекер. 

— Эч качан кеч эмес! Менин 52 жаштагы окуучум бар. Андыктан, жашка шылтабагыла. 

— Ийгилик бул эмне? Эгер сен бир ай мурункуга караганда өсүп жатсаң, анда туура жолдо баратасың. Алдыга жылганыңар, ийгиликке багыт алганыңар.

— Ар кандай мугалимдер бар. Кээде мугалимди туура эмес тандап алуу IT тармагына болгон кызыгууну жоготуп коет. Силерге шык берген мугалимди тандагыла. IT тармагын баары үйрөнө алат. Бул тармак меники эмес деген нерсе жок. Аракет кыла бергиле, багынбагыла. 

Бул жерден башка макалаларды окуй аласыз:

Коркуу пайдасыз, алып туруп жасап салгыла! Кореядагы Айдар Сатаровдон кеңеш

Ойлонуп отура бербей, алып туруп жасап салгыла! Кайрат Омурбек уулудан кеңеш

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

 

 

 

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
"Хайпим" деген эмнени билдирет? Жаштардын тилин түшүнгөн кыйындар үчүн тест

"Хайпим" деген эмнени билдирет? Жаштардын тилин түшүнгөн кыйындар үчүн тест

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.