AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Мага көз күйдүргөн жигит эмес

Мага көз күйдүргөн жигит эмес, ата болгон жакты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жаңы эле дивандан кулап түштү. Келинчегим көрө электе дароо ала калдым. Уфф, кудай сактады.

Сыртка ойноткону алып чыккам. Кошунам менен сүйлөшүп бир аз алаксып кетсем, итттинби же мышыктынбы, айтоор бир нерсенин богу менен ойноп отуруптур. Кайдан таап алганын билбейм, кечээ өлүк жөжөнү үйгө көтөрүп келиптир. Эмне эле жыттанып жатат десем ошо экен. Көргөндөрүнүн баарын кызыгып карап, даамдап көрөт. Айтор, эч нерседен коркпогон баланын атасымын. Мындан төрт жыл мурун көз күйдүргөн жигит болчу экениме эч ким ишенбейт.

Балам ушундай таттуу дейсиңер, кээде кармана албай жеп койгум келет.

Мектепте кыздардын көңүл чордонундамын. 14-февралда жүзгө жакын жүрөкчө келет. Эч кимди теңиме албай басып жүрөм. Күн сайын короздой жасанып сулууланам. Үйдүн жалгыз уулумун, ата-энем айтканымдын баарын аткарат. Бир көйнөктү экинчи ирет кийбейм. Класстан биринчилерден болуп телефон көтөргөм. Кыскасы, келишкен, керсейген жигитмин.

“Үйлөнбөйм! Мен деген эркин кушмун”,-деп, кесе сүйлөчүмүн. Түнкү клубдар, ичимдик, кыздар, бий, музыка, кальян өмүр бою ушулар менен дос болуп өтөм деп ойлогом. Азыр уктап жаткан уулумду карап отуруп келесоо болчу экенмин дейм. Алардын бири да баламдын тырмагына татыбайт.

Уулум мага башка дүйнөнү көрсөттү. Аны менен жүрүп жашоо канчалык кооз жана кызыктуу экенин билдим. Кээде келинчегим “балаңа кошулуп, бала болуп кетесиң”,-деп урушат.

“Уйку жок”, “өзүмө убакыт бөлө албайм”, “түндө беш алты жолу ойгоном”, “тапканымдын баары памперске кетет”, “көтөнүн тазалайм” ж.б. Үйлөнгөн досторумдан ар нерсени уга берип ата болгондон коркчумун. Тактап айтканда, кичинекей бала мен үчүн бир бомба сыяктуу көрүнчү. Өзүмө жоопкерчилик алганды үйрөнбөй жатып, кантип ата болом деп ойлогом. Бирок, ата болуш үчүн атайын бир даярдыктан өтүүнүн кереги жок экен. Уулумду колума алганда, дароо анын коргоочусу болуш керек экенимди түшүндүм.

Орус кемпирдин кызым экөөбүзгө жасаган жакшылыгын өмүр бою унутпайм

Балдары менен иши жок “ата” деген атка татыксыз көп эркектерди билем. Мен үчүн “ата” баланы жараткан эмес, тарбиялаган, кам көргөн, түндө жомок окуп берген, чогуу ойногон, ооруса жанынан чыкпаган адам. “Мен акча таап жатам, сен баланы кара”,-деп милдетти жубайына жүктөп койгон эркектер да бар. Балага сенин акчаң эмес, сүйүүң керек. Убагында балаңдын досу болуп, жүрөгүнөн орун таппасаң, кийин кеч болуп калат. Албетте, эркек болгондон кийин акча таап үй-бүлөңдү камсызда, бирок ата экениңди да унутпа.

Билесиңерби, мен жаш кезимде бактылуумун деп ойлочумун, бирок, азыр баламдын оюнчуктарын жыйнап жатып эми гана накта бактылуу экенимди түшүндүм. Бул нерсени эч нерсеге алмашпайм.

Уулум али кичинекей. Алдыда бизди кызыктуу саякат күтүп турат. Балам менен аткара турган пландарым көп, кайда барабыз, эмне жейбиз дегендей. Ал эми азыр, ага бир нерсени айткым келет:

«Уулум, мага эртең менен сенин үнүңдү угуп ойгонгон жагат, сага ботко жасаган жагат, артыңан чуркаган жагат, бекинчек ойногон жагат, сени менен “Фиксики” мультфильмин көргөн жагат, коляскаңа салып алып көчө кыдырып сейилдеген жагат, жумуштан келсем тосуп алганың жагат. Мен сага татыктуу ата болгонго аракет кылам. Эгер туура эмес бир нерсе кылсам, мага айтып кой, дароо оңдойм.»

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам «тур, үйүңө жөнө» десе, апам “келиниме сүйлөбө» дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.