AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

“Периштем”, “Момпосуйум”, “Күчүгүм”, “Коёнегим”, “Жүрөгүм”, “Ханбийкем”, “Берекем” ж.б. Кызымды эмне деп гана эркелетпейм. Атайын ойлоп чыкпайм, аны көрөр замат оозуман өзүнөн-өзү эле бал аралашкан сөздөр куюла баштайт.

Мойтойгон колдору менен бетимди кармаганда эзилип кетем. Жаңыдан басканды үйрөнүп жатат. Кокус кулап түшсө, жүрөгүм оозума кептелип калат. Кооз көйнөгүн кийип алса, баарынан кызганам. Кучагымдан чыгаргым келбейт.

— Атооу!

— Атаң сенден айланып кетсин кызым!

— Атооу!

— Жаным менин келегой!

Үч уулум бар. Үчөө тең тентек. Мектепке баргандан уялам. Бул ирет эмне кылышты экен деп жеткиче сабырым түгөнөт. “Ай, кебетең кантет?”, бул сөздү күн сайын жок дегенде жүз жолу айтсам керек. Байкуш апасы аркаларынан эле тазалап жүрөт. Бирок, үчөө тең спортсмен. Бири – мушкер, экинчиси – футболист, үчүнчүсү – баскетболист. Үйдө медаль иле турган жер калбай калды. Менин сыймыктарым.

Кыздын атасы болуу – айтып бүткүс чоң бакыт!

Кызым атасынын аялзатына болгон мамилесин өзгөрттү. Эң негизгиси аялымды мурункудан да катуу сыйлап, мурункудан да катуу сүйүп калдым. Кызым үчүн күн сайын рахмат айтам. Мени кыздуу болгон эркектер гана түшүнөт.

“Атта!”, “Аттаа!”.

— Жылдыз, Жылдыз, бол тез кел.

— Эмне болду? Тынчылыкпы?

— Уктуңбу, кызым “ата” деди, “ата” деди.

— Иий, болтошкам десе.

Тилегим ишке ашып, кызымдын биринчи сөзү “ата” болду. Дос-туугандардын баарына жазып сүйүнчүлөдүм. Ушунчалык сүйүндүм дейсиңер, эшикке чыгып бакыргым келди. Аялым кармап калды (күлүп).

Муз жүрөгүмдү жибиткен, жашоомо жаңы дем берген  — кызым! 

Кээде коркунучтуу түштөрдү көрөм. Мына, кечээ эле түшүмө бир жигитти сабап жатканым кирди. Эмне үчүн дебейсиңерби? Кызыма “сени сүйөм” деп айтыптыр. Эртең менен туруп алып аны эстеп дагы ачууландым. Аялыма айтсам, “ал күндөр алыс эмес”, — деп күлдү.  

Кыздуу болгондон кийин жаңы кесиптерге үйрөндүм: тигүүчү, чач тарач, ашпозчу, актер ж.б.  Мурда дүкөнгө эт алганы эле кирсем, азыр бантик, куурчак, көйнөктүн жанынан жөн өтпөйм. Мен үчүн кызым менен өткөргөн ар бир мүнөтүм баалуу. Жуунтам, жомок айтып берем, жашынмак ойнойбуз, чогуу уктайбыз, апабыздын ачуусуна тиебиз.

Жумуштан келсем чуркап тосуп чыгат. Кээде уктабай мени күтүп отурат. Ушул мүнөттөрдүн даамын сезүү үчүн үйгө шашам.

— Оо, кандай дос! Кайда шашып!

— Кандай! Үйгө.

— Токточу, өзгөрө түшкөнсүңбү дейм. Бактылуудай көрүнөсүң. Жашарып да  калыпсың. Көздөрүң да жайнайт. 

— Кыздуу болгом!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аялымдын тоюн бузам деп баргам

Аялымдын тоюн бузам деп баргам, үйгө ыйлап келдим

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.