AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөмдүн бир сөзүнөн кийин кайын эжелерим мага сүйлөбөй калды

Күйөөмдүн бир сөзүнөн кийин кайын эжелерим мага сүйлөбөй калды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жумуштан үйгө келсем эшиктин алдында толтура бут кийимдер. Конок деле чакырган эмес элек, булар ким болуп кетти экен дедим. Кирсем, мени жактырбаган адамдардын баары төрүмдө отурат. Алар — кайын журтум эле. 

Күйөөм экөөбүз баш кошкондон бери менин кулак-мээм тынчый элек. Үй-бүлөсү мени такыр жактырбай коюшту. Жаңы келин болуп келип, көшөгөдө отурсам, «биз башкасын алып бермекпиз, сүйөм деп туруп албадыбы» деп бетиме эле айтышкан. Кайын энем, кайын эжелерим, баары бир команда болуп, мага атака салышат. 

Башында жагайын деп канча аракет кылдым дейсиңер. Алардын көңүлү менен болсом дагы, такыр мени кабыл албай коюшту. Турмушубузга кийлигишип, менин көзүмчө эле күйөөмө башка аял алуусун айтып жатышты. Мен деле жарылдым. Көп ооруй баштачу болдум. Мурда күйөөмдү жаркылдап тосуп алсам, азыр ыйлап отурган болом.

— Бүгүн ким келип ыйлатты?

— Улуу кайын эжем.

— Эмне деди?

— Баягы эле сөздөр. Мен чыдай албай калдым.

Күйөөм унчукпай угуп отурду. Анан барып жатып алды. 

Мени көрүп күйөөм ордуман тура калды. Залдын так ортосуна алып келип, колумду кармады дагы, отурган кайын-журтума кайрылды.

«Болду, ушул күндөн баштап менин үй-бүлөмө аралашпагыла. Өз жашооңор менен жашагыла. Мурдуңарды тыкпагыла. Мен чакырсам конокко келип, сыйымды көрүп кеткиле, болбосо келбегиле. Келиниңердин кызмат кылганы жакпаса, башка жакканын өзүңөр алып алгыла. Мен муну сүйүп үйлөндүм. Менин тандоом ушул. Башкасынын кереги жок. Оюмду өзгөртпөйм. Атасына бактылуу кылам деп сөз бергем. Жалгыз иниңердин турмушун бузуп эмне табасыңар? Силер үчүн аялымдын алдында уялам. Муну түшүнбөсөңөр, төрт тарабыңар ачык. Болду, жетишет. Дагы бир жолу аялымды ыйлатып, турмушубузду татаалдатып көргүлө! Тынч жашагым келет. Дагы кайталайм, менин үй-бүлөм, бул менин үй-бүлөм!»

Катуу бакырып жатты. Эч ким унчукпай отурду. Күйөөмдүн сүрү башка эле. Унчукпай, «болду, болду» деген боюнча чыгып кетишти. Мен шок болуп туруп калдым. 

Ошол күндөн бери жашообуз оңолду. Мурдагы кайын эжемдер жок. «Жакуля» дешип калышкан. Үйгө конокко эле келишет. Унчукпай берген чайымды ичип кетип калышат. Кайын энем дагы, таптакыр башка адамга айланды. Мээм тынчып, жыргап эле калдым. 

Баары үчүн күйөөмө рахмат. Мен ыйлабай калдым. Анын өктөм сүйлөгөнү, үй-бүлөсүнө эч кимди аралаштырбаганы, мага кам көргөнү ага болгон сүйүүмдү күчөттү. Азыр турмушубузга эч ким аралашпайт. Күйүүмдүү күйөөм, сени сүйөм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Досумдун айтканын жасагандан бери келинчегим экөөбүз урушпай калдык

Досумдун айтканын жасагандан бери келинчегим экөөбүз урушпай калдык

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.