AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Күйөөм экөөбүздү уруштурган кайын эжем акыры колума келип түштү

Күйөөм экөөбүздү уруштурган кайын эжем акыры колума келип түштү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«Мен билгенден үч жолу турмушка чыкты»

Анын эмнесин айтасыңар, убагында кыялы укмуш эле. Эч жерге батчу эмес. Кайда барбасын ызы-чуу салып кетчү. Бизге дагы тынчтык бербей, күйөөм экөөбүздү уруштуруп жүрдү. Анын айынан үйгө бир-эки жолу барып келдим. Жакшынакай эле жашайбыз, ошол келсе эле болду, балээ башталат.

Мен билгенден үч жолу турмушка чыкты. Абысындарым андан дагы көп экенин айтышат. Эми бирөөнүн турмушу менен ишим деле жок. Бир баласы бар. Ал азыр Москвада. Жакшынакай үйү бар эле, кредитин убагында төлөбөй жүрүп, банкка алдырып жиберди. Ошондон кийин көп ооруй баштады. Бара-бара эч кимге кереги жок болуп, акыры менин колума келип түштү.

Жолдошум экөөбүз чуркап жүрүп бир өлүмдөн алып калдык.

Дарыгерлер үмүт аз экенин айтып жатышкан, а биз бутуна тургузуп алдык. Азыр үйүбүздө, төшөктө жатат, өзүм карайм. “Эмне тамак ичесиз, шорпо жасап берейинби” десем, башын ийкеп сүйүнүп калат. “Туугандарым убара болуп аны эмне багып жатасың?” — дешет. Мага жасаган эски кылыктарын айтышат. Эми карыган адамды сыртка таштап кое албайт экенсиң. Ооба, убагында көргүлүктү көрсөткөн. Ал үчүн өзү жооп берет да, туурабы?    

Күйөөм төрт бир тууган. Бирок, эжеси жолдошума эле керек. Сексенден ашкан кайын энем бар, кызын бакканга алы келбейт. Айына бир жолу айылдан кабар алганы келип турат. Бир саат араң чыдайт, кайра үйүнө качат.

“Ай, бул сен жокто жакшы эле жатат, сени көрсө эле кыңкыстап эркелей берет экен.” Кайын эжемди көргөнү келгендер ушинтип айтышат. Өзүмдүн деле бул кылыгынан кабарым бар. Макул деп унчукпайм, көңүл жетпей жатканын билем. Кайра, “кайсы жериңиз ооруп жатат”,- деп, акыбалын сурап, чайын берип коем.

Баягы күнү дагы оорусу кармап калды. Аябай кыйналып кеткенин айтып ыйлады.

— Убагында мен кылбаган иш калган жок. Канчалаган адамдарга жамандык кылдым. Эми ошонун азабын тартып жатам. Бир туугандарыма, жадакалса балама керегим жок болуп калды. Бир мүмкүнчүлүк болсо, баарын башкача кылмакмын.

— Эже, кой антпеңиз, мына бизге керексиз.

Терең дем алып колумду кармады.

— Дагы канча жашарымды билбейм, бирок мен сага гана ыраазымын. Турмушуңду далай ирет бузсам дагы, кек сактабай карап жатасың. Сен болбосоң, мен көчөдө калмакмын. Кечир эжеңди.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Чүкөдөй кайын энем мени көргөндө тамды айланып качып жөнөйт

Чүкөдөй кайын энем мени көргөндө тамды айланып качып жөнөйт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.