AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кудама кой эмес

Кудама кой эмес, тоок союп берсем мындай деди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Былтыр кошунам уулун үйлөгөн. Быйыл кудаларын тосушту. Өздөрү дагы, кудалары дагы бай немелер. Кошуналарга кошулуп аялым экөөбүз кол-кабыш кылып келдик. Эми дасторкунуна сөз жок. Өмүрү мен жеп көрбөгөн балыктар, мөмө-жемиштер, салаттар, конфеттер. Шилекейим чууруп эле туруп калдым.

Бир жылкы, алты кой союшту. Үйүнөн тышкары көлгө, андан кийин табият койнуна алып барып сыйлашты. Бирок, ошондо дагы кудалары ыраазы болбой, сүйлөнүп, атүгүл таарынып кетишти.

Өзүм таштанды ташуучу машина айдап иштейм. Аялым бозо жасап сатат. Эки кызым бар. Улуусу быйыл окуу жайды бүтөт. Кичүүсү али мектеп окуучусу.

Чай ичип отурганбыз.

— Ата, апа, мен күйөөгө тийгени жатам.

— Ыя ботом…

— Жигитим кечээ колумду сурады, макулдугумду бердим. Ал сонун адам, мына көрөсүңөр силерге сөзсүз жагат.

Жигитин мактап сайрап кирди. Аялым экөөбүз тиктешкен боюнча нес болуп калдык. 

Түн. Менде уйку жок. Ордумдан турдум. Кызымдын бөлмөсүнө бет алдым. Ал дагы уктабай отуруптур. Керебетине барып жанына отурдум. Кичинесинде өзүм өрүп, бантик тагып берген узун кара чачынан сылап, чекесинен өптүм. Анан кучактап алып буркурап ыйладым. Ал дагы мага кошулуп көз жашын төктү. Бул биздин коштошуубуз эле. Бактылуу бол кызым! Атаң сени жакшы көрөт.

Кыз узатуу үйдө болду. Күйөө балам тектүү жердин баласы экен. Бирок мен үчүн ал маанилүү эмес, кызым бактылуу болсо болду.

Кудам дагы биринчи жолу келин алып той берип жатыптыр, экөөбүз айда майрамдадык.

Көп өтпөй эле кудаларыбыз үйүнө чакырып милдетинен кутулушту. Биз бир аз акча топтоп алалы деп, кийинки жылга калтырдык.

Кышында байбичем катуу ооруп калды. Кызым менен күйөө балам келип көрүп кетишти. Кудам чалып “баралы” деди эле, “үйгө чакыра элекпиз, уят, кийин келесиңер” деп токтотуп койдум. Бирок, ошол эле күнү кем-каржысын көтөрүп алып жетип келишти. “Эсиңдеби куда, жакшылыкта да, жамандыкта да катташып, миң жылдык кудалардан бололу деп кол алышканбыз. Анан, кудагый ооруп жатса келбей коймок белек.”

Үйдө эт жок эле. Эшиктеги тооктон бирди союп бердим.

Үйгө биринчи жолу келип жаткан кудама тоок союп бергениме уялдым, атүгүл кечирим сурап жибердим. «Болбогон кепти айтасыз куда, бул нерсе маанилүү эмес» деп, кудам күлүп-жайнап отуруп, тамакты мактап жеп, сыйыбызга рахмат айтып, узап кетишти. Аялымдын көңүлү көтөрүлүп жакшы боло түштү. Байлыктан дагы адамгерчиликти биринчи орунга койгон кудама ыраазы болдум. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Жигитим мага досунун тоюна кеткенин айтып

Жигитим мага досунун тоюна кеткенин айтып, башкага үйлөнүп алыптыр

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.