AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кошуналар кайын энемден эмес

Кошуналар кайын энемден эмес, абысынымдан күрөк сурайт

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кайним үйлөнүп сонун болду. Күйөөм үйдүн уулусу, дароо бөлүндүк. Кайын журтум жакшы. Болгону кайын энем өтө эле зыкым. Эми айтайын дегеним, бай тургандарына карабай колу ачык эмес.

«Көп жешет» деп конок тосконду жаман көрөт. Конфет, печеньелерди беш-бештен кылып санап салат. Суюк тамакка бир эле картошка кошот. Эт түгөнүп калат деп астырбайт. Жадакалса, кир жуучу порошокту бир кашыктан салдыртып үнөмдөйт. Үйдө алты киши жашаганыбызга карабай, күнүнө бир эле нан жасатат.

Жаңы келин мендей болуп кыйналып, кысылат го деп ойлогом. 

Тарс-тарс сүйлөгөн такылдаган келин экен. Кирип эле баарыбыздын бетибизден өөп учурашып, “көшөгө тиги жактабы” деп өзү таап алды. Ашып кетсе көшөгөдө бир саат отурду окшойт,  “скучно” болуп кетти” деп жаныбызга келди. Бизге кошулуп боорсок кесип, идиштерди жууп, чуркап барып конокторго жүгүнгөнгө жетишип жатты.

Кайын энемдин кыялына көнүп калган жаным “идиш жуучу каражатты аздан колдон” десем, “ой жеңе, ошол жетмек беле”,-деп каалашынча куюп жатты. Акырын кайын энемди байкасам, көзүнүн кыры менен карап отуруптур. Бирок, эмнегедир унчуккан жок.

Экөөбүз күн алыс WhatsАpp аркылуу жазышып турабыз.

— Эмне тамак жасап жатасың?

— Эт асканы жатам.

— Эт?

— Ооба, эмне болду?

— Жөн эле.

— Кечинде келип тамак ичип кеткиле.

Кайын энем өмүрү эт астырбайт эле, барып кабар алып келейинчи деп жөнөдүм.

Кайын энем, мен, абысыным болуп чай ичип отурганбыз. Абысыным кыям алып келгени үйгө кирип кеткен. Бир маалда кошуна эженин баласы күрөк сурап келди. Кайын энем “сынып калган” деп койду. Күрөк жакшынакай эле болуп сарайда тирелип турат. Тиги бала дагы митаам экен, үйдөн чыгып келаткан абысынымды көрө калып, “жеңе күрөгүңөрдү алып турсам болобу?” деди. Ал камырабай “кайра алып келип бербесең өлөсүң”, — деп сарай жакты көрсөттү.

Мен барып калсам эле «жеңе эмне салып берейин? Картошкаңыз барбы? Жумуртка ала кетесизби?», -дей берет. Кайын энемди көзүнө да илбейт. Мен анте алчу эмесмин. Өтүмүм жок, кайын энем эмне дейт, деген ой башыман чыкчы эмес. 

Кошуналардын баары абысынымды жакшы көрүшөт. Ооз тий деп уюу тууса сүтүн, алыстан баласы келсе конфетин көтөрүп келишет.

Байкасам, үй баягы мен бардагыдай эмес. Ичине береке кирип, өзгөрүп калгандай көрүндү. Атүгүл өмүрү көрбөгөн кайын энемдин туугандары келе баштаптыр. Кайын энем дагы башкача. Тамак-аш менен иши жок, каткырып алар менен сүйлөшүп отурат. Абысыным такылдап эки жакты тейлеп жүрөт. Сөз жок, абысыным кыйын экен!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Өмүрү айылдан чыкпаган апамды эс алууга алып барсам каза болуп калды

Шаардык келинибиздин кетмен көтөрүп суу буруп жүргөнүн көрүп оозубуз ачылды

Кайын энем “мага кызмат кылганы келдиң беле” деп урушту

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем "акчаңды мага жөнөтпөсөң

Кайын энем "акчаңды мага жөнөтпөсөң, уулума башка аял алып берем" деди

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.