AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
590
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

25 ЖУМА Сиздин жатыныңыз футбол тобунун көлөмүндөй. Диафрагманы, кабырга жакты кысып, ашказанды жылдырууда. Ымыркайдын салмагы 700 г. Муштумдарын ачып-жуумуп, манжаларын кыймылдатат.

26 ЖУМА Анын кыймылдарын үй-бүлө мүчөлөрү да байкай алат. Наристе сиздин маанайыңызга мурда болуп көрбөгөндөй таасирленет.

27 ЖУМА Бул жумадан тартып айына жетпей төрөлө турган болсо, баланын жашап кетүү мүмкүнчүлүгү 85% түзөт. Бирок түйүлдүктүн толук жетилишине 13 жума бар. Сиз курсагыңызды сыласаңыз бала кубанат. Курсактын ичи бир аз тар боло баштады. Салмагы 900 г.

28 ЖУМА Баланын баш мээси өсүүсүн улантууда. Чачтары узара баштады. Ымыркайга жагымдуу музыка коюп бериңиз. Салмагы бир килограммдан көбүрөөк. Көкүрөгүңүзгө колострум, башкача айтканда же ууз сүт топтоло баштайт.  

29 ЖУМА Бала жатын ичиндеги жашоо менен алектенип, төрөлүүгө даярдык көрө баштайт. Өзүнүн денесинин температурасын жөнгө салууну үйрөндү. Териси калыңдап, майлар топтолууда.

30 ЖУМА Керемет! Жарык жана караңгыны айырмалай алат. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн үндөрүн таанып калды. Сиз салмак кошкон сайын кыймылдарыңыз улам жайлап, олдоксон боло баштайт. Арка сөөккө күч келгендиктен белдин ооруганы тынчсыздандырат.

31 ЖУМА Баланын салмагы 1,5 кг. Ал буттары менен жогору тээп, башы менен төмөн бурула алат, мындай ыкма менен өзүнүн жашоо мейкиндигин кеңейтүүгө аракеттенет. Баланын бул аракеттери эне үчүн жагымсыз. Кош бойлуулуктун акыркы мөөнөттөрүндө бел оорудан арылуу дээрлик мүмкүн эмес. Белдеги байламталар жана булчуңдар жазылып, төрөө процессине даярданууда.

32 ЖУМА Ымыркайдын бою 40 смге жакын. Кош бойлуулуктун акыркы баскычтарында айланасында эмне болуп жаткандыгын жакшы угат. Жүрөгүңүздүн кагышын билет, ичегилердин кыймылдашы жана киндик аркылуу аккан кандын добушу менен тааныш. Кечкисин бешик ырын ырдап берип туруңуз!

33 ЖУМА Бала төрөттөн кийин өз алдынча дем алууга жардам бере турган өзгөчө зат – сурфактантка ээ болду. Башы менен төмөн карап жатат. Дарыгер же акушер түйүлдүктүн төрөт жолдоруна карата жайгашкан абалы тууралуу айтып берет.

34 ЖУМА Бала сиз жеген тамактардын даамына көнүп калган. Толгоо сыяктуу ооруткан сезимдер (машыктыруучу толгоолор) пайда болот. Жатындын жогорку бөлүгүндө, кийин төмөн жакка жайылып, акыры басылат.

35 ЖУМА Бул жумада баланын тырмактары манжаларынын учуна чейин өсүп жеткен. Балага курсактын ичинде тар жана ыңгайсыз. Салмагы болжол менен 2 кг 200 г.

36 ЖУМА Баланын жүзү тоголок, жылмакай болуп калды. Болтойгон беттери пайда болду. Манжаларын соро берип – соруучу рефлекси иштелип чыкты.

37 ЖУМА Эгерде бул сиздин биринчи кош бойлуулугуңуз эмес болсо, ушул жумада же бир аз кийинчерээк, төрөттүн белгилери пайда болот. Баланын башы (башы менен келген учурларда) жамбаш чара тарапка ылдыйлайт. Бир аз жеңилдөөнү сезишиңиз мүмкүн, анткени ички органдар мурункудай кысылбай калат. Салмагы болжол менен 2 кг 400 г.

38 ЖУМА Акыркы жумада баланын ичегисинде азыктангандан кийинки таштандылар топтолот. Бул кара-жашыл зат — меконий деп аталат. Ал кандын бузулган клеткаларынан, ичегинин өлгөн клеткаларынан, сыйрылып түшкөн тери клеткаларынан, түйүлдүк жутуп алган суудан, түк чачтарынан жана башка компоненттерден турат.

39 ЖУМА Жатындын моюнчасы азыр жыйрылып, ачылат. Бойго бүткөндөн тартып табарсык эң көп кысым алдында болот, акыркы мөөнөттө бир аз жеңилдейт. Бала күнүнө орто эсеп менен 28-30 г салмак кошот.

40 ЖУМА Төрөттүн башталышын күтүп, жайбаракат болууга аракеттениңиз. Чыныгы толгоолор башталганда, жаныңыздагылар кайда алып баруу керектигин билгендей болушсун. Толгоо учурунда туура дем алуу ыкмаларын унутпагыла.

41 ЖУМА Эгер бул мөөнөтко чейин төрөй элек болсоңуз бала жөн гана салмак кошуп жаткан болот.

42 ЖУМА Бул мөөнөткө кош бойлуулардын он пайызы гана жетет. Сиз алардын катарына кирип калсаңыз кайгырбаңыз. Мөөнөтүңүз туура эмес эсептелип калган болушу мүмкүн. Андай болсо дарыгер менен дагы бир ирет кеңешиңиз.

43 ЖУМА Мөөнөтүнөн ашып кеткен кош бойлуулук! Дарыгерге кайрылыңыз.

Кош бойлуулук календары (13-24 жума) бул жерден окусыңыз болот. 
Кош бойлуулук календары (1-12 жума) бул жерден окусаңыз болот.

SummarizeБөлүшүштү236

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Смартфон же планшетиңизди терминалга айлантыңыз. mPOS тууралуу кызыктуу маалымат

Смартфон же планшетиңизди терминалга айлантыңыз. mPOS тууралуу кызыктуу маалымат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.