AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Көлгө болгон сапарда кайын атам менен кайын энемдин ким экенин билгизди

Көлгө болгон сапарда кайын атам менен кайын энемдин ким экенин билгизди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ызы-чуу болуп жатып акыры көптөн күткөн эс алуубузга дагы жөнөдүк. Узак жол. Бирок, мен узактыгын сезбедим. Кайын атам менен кайын энем эски ырларды эске салып келишти. Кайын атам рулда. Кайын энем жанында. Кайын энем баштайт, кайын атам улантат. Күйөөм болсо, тиземде шилекейин агызып уктап келатат. 

Жанагы ырдын коштоп үн чыгарган жерлери бар го. Ошонл жеринде кайын энем мага карап, «кана келиним, сен улант» дейт. Мени коштоп коем. Анан үйбөөбүз каткырабыз. Үнүм баары бир аларга жетпейт экен. 

Кереметтүү көлүбүзгө келип түштүк. Номерлериибзге жайгашып алып тамактанганы жөнөдүк.

Быйыл жазында эле келин болуп келгем. Эмнегедир өз үйүмдө эле жүргөндөй болом. Баары мага тааныш, мамилелери жылуу. Бир дагы жолу үйүмдү сагынбадым. Ата-энем чалып таарынышат. Сагынган жокмун десем, ого бетер бултуюп трубканы басып коюшат. Чындыкты айтып жатам да, туурабы?

Кайын энем жакшы сүзө албайт экен. Кайын атам алыс баргандан коркот. Күйөөм экөөбүз көлдүн терең жерине чейин кетип калдык. Чарчап жээккке чыктык. Күйөөм дагы уйкуда. Мен кайын энем менен атама көз чаптырып жээкте жатам.

Кайын атам, кайын энеме сүзгөндү үйрөтүп жатты. Балонду кийгизип койгон. Эринбей ары чуркап тартат, кайра бери чуркайт. Бир маалда кайын энемдин буту карышып калды. Кайын атам суунун түбүнө кирип ушулап кирсе болобу. Анан кайын энемден биринчи жээкке чыгып сүлгүнү даярдады. Кайын энем чыгары менен чоң сүлгүгө жаш баладай кылып ороп, чачын кургата баштады. Отурганда жонуна күндөн коргоочу кремь сүйкөп берди. 

Жаныбыздан жүгөрү саткан байке өтүп баратты. Андан төртөөбүзгө төрт жүгөрү алды. Мен дароо жеп кирдим. Кайын атам кайын энемдин жүгөрүсүн бирден чыгарып берип отурду. Экөөнүн сөзү бүтпөйт экен. Күлүп эле бир нерселерди сүйлөшө беришти. Анан экөө ээрчишип, жанагы чоң «колесо обозренияга» түшкөнү кетти. 

Мен биринчи жолу ушундай мамилени көрүшүм. Жадакалса, атам апама мынчалык кам көрбөйт. Жүрөгүм башкача жылыды. Ата-энелерибиз ушинтип бизге үлгү болуп турса кана… Сүйүүнүн, сыйдын, түшүнүүнүн, барктоонун, колдоонун үлгүлөрү тигине балмуздак жеп келатышат.

Буйруса балдарыбыз ушундай адамдарды көрүп өсөрүн билип кудуңдап сүйүндүм. Күйөөм дагы эле тиземде уктап жатат. Эмнегедир тиземди кучактап уктаганды жактырат. Кебетеси кудум кайын атама ошкош. Балким, тигил жакта ээрчишип келаткан эки бактуу адам биздин карылыгыбыз. Ким билет (күлүп). 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Чоң энем жигитимдин бул жоругун көрүп "аның жакшы күйөө болбойт" деди

Чоң энем жигитимдин бул жоругун көрүп "аның жакшы күйөө болбойт" деди

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.