AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Климакс деген эмне жана организмдеги кандай өгөрүүлөргө алып келет?

Климакс деген эмне жана организмдеги кандай өгөрүүлөргө алып келет?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ар бир аялдын жашоосунда менопаузага туш болгон учур келет. Бул анын ден соолугун, физикалык жана психологиялык абалын өзгөртөт. Климакс тууралуу гинеколог-эндокринолог Айжан Джакшибаева айтып берет.

Климакс деген эмне жана ал канча жаштан башталат?

Климакс – грек тилинен тепкичтин бир баскычы деп которулат. Бул ар бир аялдын жашоосундагы белгилүү бир этап. 45 жаштан 54 жашка чейинки мезгил аралыкта башталса нормалдуу деп саналат. Бул учурда жумуртка бездердин функциясы өчүп, аялды аял кылып турган жана аял үчүн негизги гормон болуп эсептелинген – эстроген гормону иштелип чыкпай калат.

“Трубамды” байлатсамбы дедим эле, климакс эрте башталат дегени чынбы?

Климакс учурунда аялдын этек киринин ритми бузулат. Кээде келбей калып, кээде тетирисинче өтө көп кан кетиши мүмкүн. Эгер аденомиоз, миома сыяктуу гинекологиялык оорулар бар болсо, ал да көп кан кетүүгө себепкер болот.

Климакс башталганда аялдын жашоо образы өзгөрөт:

  • мезгил-мезгили менен баш жана көкүрөк тарап ысып турат;
  • дене табы көтөрүлөт;
  • терчил болуп калат;
  • маанай тез-тез өзгөрө берет;
  • депрессияга туш болот;
  • мурда болгон өнөкөт оорулар курчуйт;
  • зат алмашуу процесси начарлайт;
  • таяныч-кыймылдаткыч аппаратында өзгөрүүлөр пайда болот;
  • богок безинин иштешинде көйгөйлөр болсо, ашыкча салмак кошот;
  • эс тутум начарлайт.

Кыскасы, чоң апалардын оорулары акырындык менен байкала баштайт.

Эрте келген климакс же кеч келген климакс болушу мүмкүнбү?

55 жаштан кийин башталса, бул кеч башалган климакс болуп саналат. Мындай көрүнүш аялдын гормоналдык статусуна байланыштуу. Адатта жатындын миомасы, аденомиоздон жабыркагандарда ушундай болот.

Мезгилинен эрте келген климакс деп 40 жашка чейинкилерин айтабыз. Ал эми эрте климакс деп 30 жашка чейинкиси айтылат.

Канча жаштан баштап аял климакска даярдана башташы керек?

Кыялы ачык, бир калыпта жүргөн аялдарда климакс жеңил өтөт, деген байкоолор бар. Кээ бирлери сезбей да калышат экен. Ошентсе да климакс учурунда жаш куракка тиешелүү болгон бардык процесстер жүрөт. Кан тамырлар өзгөрөт, сөөктө кальций азаят, мээдеги процесстер жайыраак жүрө баштайт.

Мунун бардыгы жашоо образга терс таасирин тийгизбеши үчүн эмне кылыш керек?

Дени сак жашоого умтулуп, туура тамактануу зарыл. Бирок ал-күчтөн тайдырган диетага отуруунун кереги жок. Белоктун жана май компоненттеринин аздыгы гормондорду иштеп чыгуучу субстраттардын жетишсиздигине алып келет.

Башкача айтканда, май, белок жана холестеринден гормондор иштелип чыгат, алар жок болсо, жумуртка бездер иштебей калат. Турмушка чыга элек кыздар тукумсуз болуп калышы мүмкүн.

50гө чыккан аялдын балдары чоңоюп, карьерасын бир калыпка келтирип алган болот. Өзүнө убакыт бөлүү үчүн эң ыңгайлуу учур. Туура тамактануу, өз убагында уктоо, спорт менен машыгуу, сүйүктүү хоббиң менен алектенүү булардын бардыгы климаксты жеңилирээк өткөрүүгө жардам берет.   

Аялдын организминде кандай өзгөрүүлөр жүрөт?

Климакстан бардык аялдар коркушат, себеби бул карылыктын белгиси. Көздүн оту өчүп, активдүүлүк, позитивдүүлүк азаят. Эч нерсе жасагысы келбей, жаны жер тартып калат.

Бирок европа жана азиянын алдыңкы өлкөлөрүндөгү аялдарды байкап көрсөңөр. Жаш курагына карабастан боюн түз кармашат, кан басымга даттанышпайт, терисине жакшы кам көрүшөт. Албетте алардын арасында косметологиялык процедураларга кайрылгандары да жок эмес. Бирок жалпысынан алардын ден соолугу мыктыраак.

Учурда менопаузалык гормоналдык терапия деген бар. Анын курамында табигый эстрогендердин минималдуу көлөмү плюс прогестерон бар. Алар аялдын гормондорунун дефицитин толуктап турушат. Ошонун эсебинен картайуу процесси салыштырмалуу жай жүрөт.

Маанилүү эскертүү! Менопаузалык терапияны доктурдун көзөмөлү менен гана жүргүзүүгө болот.

Гинеколог: Кыргызстанда жыл сайын 500гө жакын аялга ушул диагноз коюлат

Бизде гормондор рактын пайда болушуна алып келет деп, менопаузалык терапиядан баш тартышат. Адатта рак 15-20 жылдын ичинде өрчүп отурат. Эгер ал организмдин бир жеринде бар болсо, эртели-кеч аныкталат.

Ал эми аял доктурдун көзөмөлү менен менопаузалык терапиядан өтүп жатса, анда ракты эрте аныктап, дароо дарыланууга шарт түзүлөт.

Гормондорду ичкенден корккондор фитоэстроген колдонушса болот. Бирок анын эффектиси жай.

Ал эми терапиянын бул түрлөрүнөн баш тарткандар витаминотерапияны сунуштай алам.

Кайсы оорулар менопаузанын эрте келишине себепкер болушат?

Жумуртка бездер мезгилинен эрте алсызданып калса, климакс да эрте башталат. Кыздар бир нече миллион фолликулалары менен төрөлөт. Алар жашоосунун аягына чейин жүрүп отуруп түгөнөт. Айрым оорулар алардын эрте түгөнүшүнө түрткү берет.

Ошондой эле аялдын салмагы маанилүү ролду ойнойт. Нормадан 10 кгга ашык болсо да жумуртка бездин функциясына терс таасирин тийгизет. Айрымдар байкаса керек, кескин толуп кеткенде менструация кечигип келет, же такыр эле келбейт калат.

Жумуртка бездин башкы душманы  — ашыкча салмак.

Андан тышкары сезгенүү процесстер климакстын эрте башталышына себекер. Сексуалдык жашоодо да балансты сактоо зарыл.

Климакс аялдын жыныстык жашоосуна кандай таасирин тийгизиши мүмкүн? Климакс учурунда кош бойлуулуктан сактануу керекпи?

Либидо төмөндөйт, башкача айтканда мурункудай каалайбай калат. Андан тышкары жыныс кыны кургап, циститтин пайда болуу коркунучу бар. Булар да жыныстык катнаштын регулярдуу болушуна тоскоолдук жаратат.

Овуляция деген эмне жана аны кантип эсептесе болот? Гинеколог айтып берет

Эгер цикл үзүлтүккө учурап, этек кири келбей калса, контрацепция жөнүндө унутуп койгон болбойт. Жумуртка бездер бир аздан иштеп жатканда овуляция жүрүп, бойго бүтуп калышы мүмкүн. Элүүгө чукулдап калганда төрөгөн аялдар жөнүндөгү окуялар мына ушундайдан улам келип чыгат.

Климакс башталганда аялдар бир заматта карып кетет деген чынбы?

Эстроген гормону аялдын тышкы келбетин аныктайт. Бул гормон иштелип чыкпай калгандан кийин бетте бырыштар пайда болуп, чач менен тырмактын структурасы өзгөрөт.

Бирок климакс – бул жашоо бүттү дегендик эмес. Бул мезгил аялдар үчүн абдан маанилүү. Эгер ал мезгил-мезгили менен доктурга көрүнүп, жумушунда жана үй-бүлөсүндө көйгөйлөр жок болсо, демек бардыгы жайында.

Маалымат kaktus.media сайтынан алынды.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөмдүн кызыма айткан сөзүн угуп жашып жибердим

Күйөөмдүн кызыма айткан сөзүн угуп жашып жибердим

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.