AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Келиним менден этти бекитип жатат деп ойлогонум үчүн уялам

Келиним менден этти бекитип жатат деп ойлогонум үчүн уялам

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Э адамдар, заман бузулуптур. Ага кошулуп мен бузулупмун. Мен катамды моюнга алгандан уялбайм. Мен катамды моюнга албагандан уялам. Келинимдин көзүнө карай албай ит болбодумбу. Тууй…

Шаарга келгем. Бутумду көрсөткөнү. Бассам эле ооруйт. Врачтар көнүгүүлөрдү жасап туруңуз деди. Кыймылдаш керек экен. Аны угуп алып жыргап калдым. Анан аз жерден айылга жөн кетпей, келиним менен уулумду уруштура жаздадым.

Келиним кечээ эт асып, мага деп шорпо жасап берген. Бейтапканадан үйгө келсем баары жумушка, неберелер мектепке кетиптир. Ачка болуп ашканага кирдим. Кечээ эт көп асылды эле деп аны издей баштадым. Муздаткычта жок. Апей ботом, ал кайда? Эртең менен эле турбады беле?

Өйдөңкү шкафтан, кол аарчыларга оролуп турган жеринен таптым. Жакшылап бекитип коюптур. Жаш балдардын колу жетпей турган жер. Каап, менден бекитиптир деп ачууланып чыктым. Уулума чалып айтайын дедим. Бирок, экөө жумуштан келсин, алардыбы деп күтүп отурдум. Келиниме ушундай ачуум келди. Жесем аз эле жейт болчум, эмнеге бекитет!

Кечинде баары келишти. Эки уул неберем бар, мектептен чуркап келип эле муздаткычты ачып, тамактарды калтырбай жей башташты. Келиним менен балам колун жууп келгиче баарын жеп коюшту. Анан келиним келип, алар чыгып кеткенден кийин, «апа жүрүңүз, сизге этти катып койгом, болбосо булар жеп коймок» деди. Жерге кирип кетейин дедим. 

Этти алып чыгып дасторконго коюп, чай демдей баштады. Уулум мени өөп, баары жакшыбы сурады. Мен кайгылуу отурдум. Анткени жаман оюмдан уялып жаткам. Акыры чыдай албай, келинимдин бетинен өөп кечирим сурадым. Ал таңкалып эмне үчүн экенин сурады. Жөн гана жылмайып, чекесинен дагы өптүм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

 

 

 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Туура эмес сүйлөп алып аялы жок калдым

Туура эмес сүйлөп алып аялы жок калдым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.