AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Келинчегим менден жашынып алып кайда баратканын билип ыйладым

Келинчегим менден жашынып алып кайда баратканын билип ыйладым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

— Апам өзүнчө эле бактылуу го.

— Ыя, койчу?

— Билбейм, көп күлүп калыптыр го.

— Ыя?

Улуу балам футболго кетип баратып ушинтти. Телефон чукулап жаткам. Шап ордуман тура калдым. Келинчегимди издеп баштадым. Демейдегидей ашканада экен. Жок, бул ирет демейдегидей эмес, кабагы бүркөө эмес, бактылуу кыскасы. Эмне үчүн?

19 жыл биргебиз. Мен бактылуумун. Менин жанымда аялым дагы бактылуу деп ойлогом. Көрсө, акыркы он жылдан бери бактысыз жүргөн экен. Ошон үчүн тиги жакка бара баштаптыр. 

Кичүүбүздү мектептен тосуп алганы жөнөп кирди. Демейде шашып эле, үй кийими менен чыгып кетчү. Эми болсо жакшынакай көйнөгүн кийип, дагы кошумча бир сумка көтөрүп, анан эки саат эрте жөнөп кетти. Бул кайда кетти?

Көп күлчү болду. Маанайы дагы ар дайым жакшы. Балдар менен божурашып сүйлөшүп, жаркылдап жүрүп калды. Мен жумуштан келсем, энергияга толгон. Ал бактылуу болгон сайын, мен бактысыз боло баштадым.

Себебин таптым. Ооба, мен туура эмес кылдым. Бирок, кызгандым. Жаман ойлор аны аңдыганга мажбурлады. 

— Эмнеге мага айтпадың? 

— Сенин менин жанымда бактылуу экениңди билем, күн сайын көрөм. Анан мен сенин жаныңда бактысызмын деп айтыштан корктум.

— Бактысызмын?

— Сени сүйөм, бирок акыркы он жылдан бери бактысыз жүргөнүмдү сезбедиң. Мен чөгүп бараттым, бирок байкабадың. Күн сайын окшош күндөр. Ушундай тажадым, жаным. Балдар, тамак жасоо, кир жуу, идиш жуу, кайра эле ушулар айланып жатты. Мен күлгөндү унуттум. Сага сүйлөшөлү десем уктап калып жаттың. Менин жанымда бактылуу жүрдүң. Сени капа кылгым келбеди. Коендой окшош күндөр ушундай жаман экенин билбедиң. Мектепке чогулушка баргам. Анан ал аял менен тааныштым. Балаңдын классташынын апасы экен. Бий курсун ачып жаткан экен, биринчи сабак бекер деди. Мени чакырды. Бир жолу барып көрөйүнчү дедим. Ишенесиңби, турмушка чыгып, бала төрөгөндөн кийин биринчи жолу жаңы бир нерсе жасап, бутум базар менен мектепке гана эмес, башка жакка багыт алды. Мен бакыттан ыйладым. Мага бийлеген жакты. Казан-аякты, тамакты, кирлерди бир саатка унутуу кандай бакыт экенин билсең кана жаным… Сага айтуудан тартынып жүрдүм. Бирок бакыт баары бир байкалат экен…

Мен ыйлап отурдум. Чын. Ыйлап отурдум. Келинчегим сүйлөп жатты. Мен чын эле бактылуу болчум. Бирок, келинчегимди унутупмун. Байкушум балдар менен кечке үйдө болду. Удаасынан балалуу болуп эс албады. А мен жумушка, досторго кетип калып, эс алып жаттым. Ал байкушту унуттум. Канчалык кыйналып жүргөнүн сезбепмин. 

Эртеси үйгө жумуштан жооп сурап эрте келдим. Аялым ашканада идиш жууп жатыптыр. Колундагы идишти алдым.

— Эмне болду? Эмне эрте келдиң? Баары жакшыбы?

— Тур, курсуңа кечигесиң, жөнө. Жолдон дүкөнгө кайрылып жакшы форма алып ал. Мына тыйын. Идишти мен жууп коем. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Кайын эжемдин кара кызына айткан сөздөрүн угуп ичим өрттөндү

Кайын эжемдин кара кызына айткан сөздөрүн угуп ичим өрттөндү

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.