AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

«Калың бербейт экенсиң» деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

19 декабря, 2019
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

— Кайда иштейсиң?

— Курулушта бригадир болуп.

— Ата-энең ким?

— Ата-энем айылда турат. Атам мектепте мугалим, апам үй кожейкеси. Экөө тең пенсияда.

— Ток этер жерин айтайын, калыңды 3000 доллардан кем эмес бересиң.

— Ата, эме, мен учурда үй салып жаткам. Көп чачылбай чакан той берип эле…

— Биринчиден, мен азырынча атаң эмесмин.

— Кечиресиз.

— Экинчиден, ресторанда той да болбойт экен да.

— …

— Кызым?

— Баратам ата.

— Биз сүйлөшүп бүттүк. Конокту узатып кой.

Жамийла экинчи кызым. Акылдуу. Жогорку окуу жайды бүтүргөн. Чет элдик фирмаларда котормочу болуп иштейт. Мунусун кайдан таап алган билбейм. Мага жаккан жок.

— Ата, бул эмне кылганыңыз.

— Мен сени ушундай жигитке берейин деп өстүрдүм беле. Калың төлөй албагандан кийин жарытып багат деп ойлойсуңбу? Тойду да үйүндө өткөрөт имиш. Менде тааныш деген бар. Эртең кантип башымды көтөрүп жүрөм?

— Ата, Адилет мыкты жигит. Сиз ага өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген жоксуз.

— Мен айтчумду айттым.

Арадан үч ай өттү. Адилет баягы бойдон жок. Кайда кеткени белгисиз. Кызым күн сайын ыйлайт. Жумушунан да чыгып кетти. Акыры ооруп бейтапканага түшүп калды. Мага үн катпайт.

Кызым көз алдымда соолуп баратты.

Туура эмес кылганымды түшүнгөн сайын жүрөгүм ооруйт. Тамак да ичким келбей калды. Тарбиялуу жигит экенин дароо байкагам. “Эл эмне дейт?” деген балекет өз ишин кылып туруп албадыбы.

Адилетти издеп жумушуна бардым.

— Саламатсызбы! Сизге ким керек?

— Бул жердин жетекчисине жолуксам дегем.

— Менмин. Айта берсеңиз болот.

— Адилет деген бригадир жигитти издеп жүрөм.

— Адилет, мыкты жигит эле. Тоюна акча чогултуп келе коеюн деп Россияга кеткен. Ошол бойдон кабары жок.

— Ата-энеси менен кантип байланышсак болот экен?

— Кечиресиз байке, мен сизди тааныбайм. Жумушчуларымдын жеке маалыматтарын бере албайм.

— Түшүнөм, мунуңа да рахмат.

Кызымды жалпы палатага которушту. Мен барсам аркасын карап жатып алат. Бул ирет дагы ошентти. Столуна кемпирим жасап берген шорпону койдум. Колун кармасам тартып алды.

— Кызым, бүгүн Адилеттин жумушуна бардым.

Дароо бурулуп, көзүмө карады.

— Эмнеге?

— Кечирим сураганы. Турмушуңарга аралашып экөөңдүн алдында күнөө кылдым. Жакшы жигит экенин дароо байкагам. Сени катуу сүйөөрүн көздөрү айтып турган.

Башымды жерге салдым.

— Ата, мен да аны аябай сүйөм. Эгер сүйбөсөм …

Байкуш кызым андан ары сүйлөй албай шолоктоп ыйлап кирди. Кучактадым. Көз жашын сүрттүм. Бечерам бир топ эле арыктай түшүптүр. Анан экөөбүз шорпо ичтик. Мен Адилетти табам деп сөз бердим.

Үйгө жөнөйүн деп чыгып баратсам, палатага бир жигит жулкунуп кирип келди.

“Жамийла, сага эмне болду? Баары жакшыбы? Мени кечир?”. Адилет экен. Кызымдын колун, бетин өөп, чачын сылап жатты. Мени көрө калып, чуркап келип учурашты.

— Ата, саламатсызбы? Мен жаңы эле учуп келдим. Үйүңүзгө барсам, апам бул жакта экениңерди айтты.

— Жакшы балам. Келгениң ырас болду.

Кудалар менен жолугушуп той күнүн белгиледик. Кызымды үйдөн узата турган болдум. Алар тойду ресторандан кылаарын айтышты. Мен макул болгон жокмун. Андан көрө ошол акчаларды эки жаштын жаңы курулуп жаткан үйүнө берели деп чечтик.

— Ата, сиз сураган калыңды топтодум. Тойду ресторанга берели. Кандай дейсиз?

— Уулум, ал акчаны үйүңө жумша. Мага кызымды бактылуу кылсаң болду.

— Ата, камсанабаңыз, сөзсүз бактылуу кылам.

Биз ата-энелер көп учурда өзүбүздүн кур намысыбызды ойлоп, балдарыбызды унутуп коебуз. “Ресторанда той, мынча сом калың же сеп бересиңер”,-деп алардын кыялдарына балта чабабыз. Жаштар табышкандан кийин баарын өздөрү чечүүсү зарыл. Бул жашоо бир келет. Ар ким өзү каалагандай жашашы керек.

Өмүрү көрбөгөн үч жүз же төрт жүз кишини чакырбай эл кызымды үйдөн жакшынакай кылып узаттым. Ниети жакшы адам, тойго келбесе деле бакыт каалайт. Күйөө балам дагы үйүнөн сонун кылып той берди.

Кечээ жаңы үйүнө көчүп киришти. Бүгүн кемпирим экөөбүз куттуктаганы баратабыз.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Аялымдын тоюн бузам деп баргам

Аялымдын тоюн бузам деп баргам, үйгө ыйлап келдим

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.