AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энемдин биринчи никемдеги балама айткан сөзү таң калтырды

Кайын энемдин биринчи никемдеги балама айткан сөзү таң калтырды

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Кайын энелер жөнүндө айтылган жаман сөздөргө ишенбегиле. Жакшы адамдар бар. Ооба, алар аз, бирок бар. Бул нерсени мен так айта алам. Анткени, андай жакшы адамдын бирөөсү менен чогуу жашайм. Ал менин алтындай кайын энем.

Балам экөөбүздү турмуш чүнчүтүп бүткөн. Экөөбүз атасынан жакшы сөз укпадык. Мага кол көтөрөт, баласын сөгөт. Атасы мындай, чоң энеси дагы андан кем калбайт. Каргыш айтуу боюнча дүйнө чемпионатына барса болчудай. Небереси башында жанына чуркап барчу. Тосуп алгандын ордуна кагып салат эле. Кийин ал келгенде кадимкидей эски шкафтын артына бекинип алчу. 

Ажыраштым. Минтип жашоо болбой калды. Баламдын келечегине балта чапкым келбеди. Менин тандоом үчүн, анын жабыркашын каалабадым. Биз бакытка татыктуубуз деп ойлодум. Белгисиздиктен, ачкалыктан коркподум. Жашоо мени сындыргысы келди. Сынбадым. Балам үчүн сынбадым.

Экинчи турмушумдан бакыт таптым. Күйөөмдүн сүйүүсүнө бөлөндүм. Кайын-журттан сый күттүм. Бир учурдагы байкуш келин, кичүү, эрке келинге айланды. Көздөрүм жайнап чыкты. Ак чачтарым карайып, жүзүмө нур түштү. Жоголуп кеткен сулуулугум кайтып келди.

Сыртта тоокторго жем чачып жүргөм. Балам менен кайын энем үйдө токоч жасап отурушкан. Экөөнүн сүйлөшкөнү ачык терезеден мага угулуп жатты.

— Алдыңан кетейин, иий, ошентип камырды тоголоктой бер. Азыр сага чоң апаң сонун май токоч жасап берет. Ий, садагаң болоюн.

— Мен желмогузмунбу. 

— Ыя ботом, аны сага ким айтты?

— Мурдагы чоң апам. Ал мени желмогуз дечү. Анан жамансың дечү. Анан урчу.

— Өзү желмогуз. Аныбы шашпа! Менин неберемди таарынтканын кара. Көңүлүңө алба балам. Билесеңби, эмнеге ал антип айткан?

— Эмнеге чоң апа?

— Анткени, сенин чыныгы чоң апаң менмин. 

— Мени таштап кайда жүрдүңүз?

— Секетиң болоюн, сени таштабай, издеп жүрбөдүмбү. Сен менин алтындай неберемсиң. Кана, камырың даярбы?

— Ооба, чоң апа! 

Көзүмө жаш алдым. Тооктор эбак жердеги жемди жеп бүтүп, мени карап турушуптур. Ичимдеги баламды сылап, ыйлап тура бердим. Жок, бул бакыттын ыйы эле. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Көлгө барганда кайын энем менен кайын атам кандай кишилер экенин билдим

Көлгө барганда кайын энем менен кайын атам кандай кишилер экенин билдим

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.