AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энемдин бир сөзү Россияга кетүүмө түрткү болду

Кайын энемдин бир сөзү Россияга кетүүмө түрткү болду

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Самолет. Ичимде коркуу. Уча электе түшүп калсамбы. Менде дагы тогуз мүнөт бар. Бирок, багажымды берип салбадымбы. Жок, эмнелерди ойлоп жатам. Мен кайын энемдин сөзүн унутпашым керек.

Жигитим экөөбүз быйыл баш коштук. Окуубузду жаңы эле бүткөнбүз. Ал жумуш таап иштеп кетти. Мен магистратурага тапшырам деген кыялым бар эле. Чет өлкөдөгү университетке документтерди тапшырып дагы койгом. Бирок, той, конок тосуу болуп жүрүп эле аны дагы унутуп койдум. 

Кайын энем оор басырыктуу аял экен. Көп сүйлөбөйт, бирок мактачу жерде мактап турат. Башыма жоолук салып жатканда көзүмө бир топко карап турган. Анан «кызым» деп акырын кулагыма шыбырап маңдайыман өпкөнүн унутпайм.  Кайын энемдин көздөрү бакырайган, мээримге толгон, башкача көздөр.

Күйөөм дагы сонуну жигит. Табышкер. Эмне тапса үйгө көтөрүп келет. Мага кам көргөнү жагат. Эшикте жүрсөм жемпиримди көтөрүп келет, көйнөгүмдү сыдырып берет, чачымды өрүп коет ж.б. Колумду акырын кармап, анан өөп койгон адатын өзгөчө жактырам. Көздөрү эле мага болгон сүйүүсүн айтып турат. 

Почтама кат келди. Университетке магистратурага өтүп кетипмин. Бул менин кыялым эле. Көргөн козүмө ишенбей төрт жолу окудум. Сүйүнөөрүмдү же ыйлаарымды билбей калдым. Бир жылга кетишим керек. А кайын-журтум, күйөөм эмн болот? Мени түшүнүшөбү? Эл эмне дейт?

Күйөөмө айтсам маанайы түшүп калды. Унчукпай сыртка чыгып кетти. Баргым келип жатканын айткам. Андан колдоо күткөм. Ыйлап кирдим. Кайын энем келип калды. Ага баарын айтып бердим. Кайын энем унчукпай угуп отруду дагы, мындай деди.

«Сен турмушка чыксаң эле окубай калышың керек эмес. Билимге умтулганың жакшы, кызым. Эмнеге ыйлайсың, кайра сүйүнбөйсүңбү. Чет өлкөдөн окуп келет экенсиң, эл-жер көрөсүң. Буйруса, жакшы бүтүп алсаң чоң-чоң жерлерде иштейсиң. Ооба, сен бирөөнүн кызы, жубайы, келинсиң. Бирок, ошол эле учурда сен өз жашоосу бар адамсың. Кийин өкүнүп калгыча, мүмкүнчүлүк болуп жатканда кыялыңды орундат. Мен сени колдойм кызым, окуп билим алышыңды каалайм. А тигиниби, аны мага кой. Балам деле сүйүнүп жатат, болгону сенден алыста болоруна капа болуп чыгып кетсе керек. Таарынчы таркаганда келет өзү эле. Сен кыялдарыңды сатпа. Кайра биз сыймыктанабыз, келинибиз чет өлкодө окуп жүрөт деп. Тур, бетиңди жууп келегой, чогуу кафеге барып майлап келели.»

Сүйүндүм. Эшикке бетимди жууганы кетип баратсам күйөөм отуруптур. Мени көрүп тура калды. Жаныма келип «кечирип койчу, апамдыкы туура» деди. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Балалуу болууну чечкен жубайлар үчүн гинеколог кеңеш берет

Балалуу болууну чечкен жубайлар үчүн гинеколог кеңеш берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.