AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Кайын энем мени конокко жибербей койсо

Кайын энем мени конокко жибербей койсо, күйөөм өзү кетип калат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн келиндин бул катында, күйөөсүнүн чечкинсиздиги жөнүндө айтылат. 

Сенин башыңды айлантып алган дешет

Баш кошуп жатканда күйөөм экөөбүз биринчи турмушубуз жөнүндө жакшылап сүйлөшүп, түшүнүшкөндөй болгонбуз. Бирок, ал мага үйлөнгөндөн кийин мурунку келинчегинен эки жыл кол үзбөй, мени аябай кыйнады. Анысы башкага чыгып кеткенден кийин гана, көзүмдүн кареги менен тең айланып калды. 

Турмуш курганыбызга төрт жылдан ашты. Бул арада эки уулдун ата-энеси болдук. Баса, менин биринчи күйөөмдөн эки кызым бар, алар ата-энемдин колунда. 

Жолдошум бир үйдүн жалгыз уулу болгондуктан кайын-журтум менен бирге турабыз. Кайын сиңдилерим сагынтпай келип турушат. Жөн кетишпей, «Катын менен бала табылат, ата-эне, бир тууган табылбайт»,  «Аялыңдын эле көзүн карап калдың» же «Сенин башыңды айлантып алган» деген сөздөрдү айтышат.

Убагында колумдан келген бардык сый-урматымды көрсөткөм, бирок алар мага жеңе катары жылуу мамиле кылбай, басынтып, кемсинтип, чыр чыгара бергендеринен улам азыр чечилип сүйлөшпөйм. 

Кыздарым каникулга келгенде кайын ата, кайын энем ар бир кыймылдарынан кынтык таап, алып бергендерин баса белгилеп, артыгын чыгарышат. Жолдошум кыздарыма ата болгонго аракет кылат, бирок ата — энесинин, бир туугандарынын басымынан суурулуп чыга албайт.

Өзүм жогорку билимдүүмүн, убагында мугалим, журналист болуп иштегем, учурда жеке ишкериликке кызып, бул жаатта билим алып жатам. Күйөөмдүн билими жок болсо да, абдан аракетчил жана камкор. Бир кемчилиги — өз оюн жеткире албайт. Тапканын апасына карматат, кийимдерин да кайын энем өзү сатып берет, конокко бара турган болсок да алардан суранабыз, мени жибербей коюшса, өзү кете берет. 

Кайын атам менен кайын энемдин ден соолугу чың, пенсиялары өздөрүнө кенен жетет. Биз өзүнчө бөлүнүп, кыздарымды колубузга алып, бир үй-бүлө болуп жашасак дейм. Жолдошум макул болот деген үмүттөмүн. Сурайын дегеним, бөлүнө турган болсок, эмнелерге даяр болушубуз керек?

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен! Балдар ата-энеси менен жашап жатканда, ар дайым бала бойдон калышат. Алар үй-бүлөлүүбү же жокпу маанилүү эмес, ата-эненин үйү «канат астында» дегенди билдирет.

Жазган катыңызда таң калычтуу эч нерсе жок. Бул деген күйөөңүз үчүн абдан ыңгайлуу: апасына акчасын берет, апасы өз кезегинде кайда барып, эмне кийип жана ичээриңерди чечет. Буга кошумча туугандары да кантип жашоо керектигин үйрөтүшөт.

Жубайлар өз алдынча жашаганда гана чындап жетилишет жана жоопкерчиликтүү болушат. Башында батирде жашасаңар да, ал аймак жеке силердики болот жана кантип жашоо керектигин өзүңөр чечесиңер.

«Мен кандай кырдаалдарга даяр болушу керек?» деген сурооңузга караганда, сиз өзүңүз чоңойгондон бир аз коркуп жаткандай көрүнөсүз. Бирок, туура багытта бара жатасыз. 

Эң маанилүүсү күйөөңүз кандай болсо да сиз тарапта экен. Сиз аны менен биригип, ата-энеңердин үйүнөн бөлүнүшүңөр керек. Бөлүнгөндөн кийин, ар бир учурда эле ата-эне менен байланышып, кеңеш сурап, эмне дешет болду экен дегендин кереги жок. Башкалар үчүн ыңгайсыз (неудобной) болуудан колркпоңуз. Сиз өз жашооңузду куруп жатасыз, ал деген толук жана бактылуу болушу керек. 

Ийгилик жана акча, адатта, сезимдик жактан жетилген адамдарга келет. Ошондой эле туруштук берүүгө жөндөмдүү болууңар тийиш. Сизге ийгилик каалайм!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Алты кыздын атасы болгондон бери уктабай калдым

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

«Калың бербейт экенсиң» деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кийимдин "этикеткасындагы" бул белги эмнени билдирет? Кызыктуу тесттен өтүңүз

Кийимдин "этикеткасындагы" бул белги эмнени билдирет? Кызыктуу тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.