AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Эмнеге күйөөм төрөтканадан чыгарарда гүлү жок келгенин айтып ыйлатты

Эмнеге күйөөм төрөтканадан чыгарарда гүлү жок келгенин айтып ыйлатты

19 июля, 2023
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Бышылдап уктап жатат. Мурду топчудай. Кулагы кудум күйөөмдүкүндөй. Көзүн качан ачат деп мен күтүп отурам. Медайым «уктаңыз» деп коет. А мен суктангым келет.

Тун балабыз. Күйөөм бир үйдүн жалгыз баласы. Мен дагы жалгыз кызмын. Ата-энелерибиз чыдамсыздык менен күткөн небере. Көп балалуу болгубуз келет. Буйруса тилегибиз орундалса экен.

Бүгүн күйөөм алып кетет. Эртең ата-энебизге жөнөйбүз. Жардам беребиз дешкен. Жардам берген адам болсо кандай сонун. Кайын энем көзүмдү карап турат. Орус мүнөз «я сама, кызым» деп жумуш жасатпайт. 

Медайым жетелеп чыкты. Күйөөм өзү эле турат. Биринчи баласы. Гүл алып алса болбойт беле? Бултуңдадым. Дароо маанайым түшүп калды. Балким, ошо да маанилүү дешиңер мүмкүн. Мен үчүн маанилүү. Майда нерсе көңүл көтөрөт.

Баланы колуна алды. Унчуккан жокмун. Машинага отуруп жатсак, бир карыган эне басып келип, күйөөмө «рахмат, балам» деп батасын берип кетти. Ким деп сурадым.

«Сени скамейкада күтүп турсам, бул апа келип жаныма отуруп калды. Сүйлөшө кеттик. Кызын чыгарганы алыстан айылдан келиптир. Күйөө баласы төрт ай мурун өтүп кетиптир. Элдердин гүл алып келатканын көрүп, тыйындарын эсептеп калды. Байкасам, жетпейт өңдүү. Оор үшкүрүп койду. Жөн карап тура албадым. Жупуну кийинген апада толтура мээрим бар эле. Кызынын абалын жакшы түшүнүп турдум. Сага деп алган гүлдү кармата салдым. Сени кур кол тосуп алгым келген эмес, билем капа болдуң, сага толтура гүл берсем да, бүгүнкү учурду колдон чыгардым. Бирок, сен мени түшүнөсуң, апага жакшылык кылгым келди. Сүйүнгөнүн көрсөң, жаным, аябай сүйүндү.»

Айтып бергиче ыйлап уктум. Бактылуу экенимди ошондо билдим. Кудай күйөөмө узак өмүр берсин. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Күйөөм эмнеге аялдамадагы келинди караганын билип көзүм жашылданды

Күйөөм эмнеге аялдамадагы келинди караганын билип көзүм жашылданды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.