AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
COVID-19га туш болгон учурда кантип тамактануу керек? Адистерден кеңеш

COVID-19га туш болгон учурда кантип тамактануу керек? Адистерден кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ден соолукту жана массалык коммуникацияларды бекемдөө республикалык борборунун адистери COVID-19ду жугузганда, жана профилактика максатында кантип тамактануу керек экенин айтып беришти.

Коронавирус болдум, этек кирим туруктуу келбей калды. Ошондон болушу мүмкүнбү?

Ооруп жаткан адам аз-аздан бирок улам-улам тамактанып турушу зарыл. Башкысы диета керектүү жана пайдалуу азыктарды камтышы керек, алар: суу, белоктор, углеводдор, липиддер, андан тышкары витаминдер жана микроэлементтер.

Эмнелерди жесе болот?

  • Майлуу эмес эт, куштун эти, балык, жумуртка. Этти кууруп эмес, шорпо кылып бышырып жеген сунушталат.
  • Сүт азыктар. Бардык кычкыл сүт суусундуктарга уруксат берилет (айран, чалап). Майлуу эмес каймак жана быштак.
  • Дан азыктары. Колдон келсе күрүч, манна же гречка кашасын күндө жеп туруу керек.
  • Мөмө жана жер жемиштер. Жергиликтүү жана сеззонго ылайык жемиштерди тандагыла.
  • Көбүрөөк жылуу суюктук ичкиле. Өтө кызыл эмес чай, компот, морс. Курамында шекери көп жана газдалган суюктуктарды ичпей эле койгон оң.
  • Күнүмдүк колдонууда шекердин көлөмүн азайткыла. Чоң адам үчүн күнүнө 6 чай кашык шекер жетиштүү.
  • Тузду да чектегиле. Чоң кишинин нормасы суткасына 5 грамм, башкача айтканда бир чай кашык. Туз организмдеги суюктукту сактап калууга алып келет. Мындай көрүнүш пневмония жана COVID-19га туш болгон адам үчүн кооптуу.

Эмнелерди жегенге болбойт?

Ооруп жаткан учурда куурулган, туздуу, ачуу тамак аштан баш тартуу керек. Себеби бул азыктар ансыз деле адамдын дем алуу системасын дүүлүктүрөт, ал эми ал сезгенип турган чакта анын шишип турушун ого бетер күчөтүп салат. Демек, дем алуусуна кыйынчылык жаратат.

Коронавирустун айынан байкем зордуктап койгон аялыма жете албай отурам

Муздак азыктарды жана суусундуктарды ичүүгө болбойт. Бул тамакты сиңирүү процессин бузуп, организмдеги суюктуктун жана электролиттердин жоголушуна шарт түзөт. Андан тышкары ич өтүшү мүмкүн.

Спирт ичимдиктерин ичүүдөн такыр баш тартуу керек. Ал жашоо үчүн маанилүү органдарга ууландыруучу эффектисин көрсөтүп, суюктуктун жоголушуна шарт түзөт. Дарылардын терапиясын өзгөртүп салышы мүмкүн.

Суюктукту канча ичүү зарыл?

Негизи адам бир күндө 1 кг салмагына 30 мл’дан кем эмес суу ичиши керек. Ошондо эгер адамдын салмагы 80 кг болсо, ал күнүнө 2,4 литрге чукул ичсе идеалдуу болот. Суюктуктун 2/3 бөлүгүн күндүн биринчи жарымында ичүүгө аракет кылгыла.

Кайсы элдик ыкмалар жөтөлгө жардам берет, кайсылары жок?

Айрым чөп чайлар, мисалы бака жалбырак, корень солодки какырыкты жумшартуучу каражат катары көп жылдан бери колдонулуп келет. Жөн эле жылуу суу дагы жөтөлдү жумшартат.

Ал эми эл арасында кеңири колдонулуп келген койдун майын колдонбой эле койгон оң. Май адамдын териси аркылуу дем алуу функциясын төмөндөтүп салат. Ансыз деле организмге кычкылтек жетишпей турган учурда, бул абалды ого бете курчутуп жиберет. Адамдын дене табы көтөрүлүшү мүмкүн.

Кайсы азыктарда С витамины бар?

С витаминин аскорбин кычкылы катары билебиз. Бул витаминин ит мурун, чычырканак, болгар калемпири, кара карагат, кожогат, лимон, капуста, алма, щавель, шпинат, петрушка жана укропто бар.

Коронавирус менен ооруп чыккан адам кантип тамактанышы керек?

Коронавирус менен ооруп бүкөн адамдын тамактануусунда көңүл бурула турган бир нече учур бар.

Жогоруда айтылгандай суу режимин сактоо зарыл.

Күнүмдүк рациондо: 1) дан эгиндер: күрүч, буудай, жүгөрү, 2)буурчак өсүмдүктөрү: буурчак, чечевица, 3) жетиштүү деңгээлде мөмө жана жер жемиштер, 4) эт, балык, жумуртка, сүт азыктары болууга тийиш.

Майларды ченеми менен колдонуу керек. Сапатту сары май, ак май, күн карама май, зайтун май же жүгөрү майын тандаңыз.  

Антиоксидантка бай азыктарды да кошсо ден соолукка оң таасирин тийгизет. Алар: ит мурун, чычырканак, пияз, сарымсак, хрен тамыры, имбирь.

Печенье, шоколад. Торт сыктуу таттууларга чектөө коюу керек. Андан көрө шабдалы, дарбыз, коон жесеңер пайдасы көбүрөөк болот.

Ден соолугуңузга сак болуңуз!

Башкы беттеги сүрөт иллюсративдүү.

Бул маалымат kaktus.media сайтынан алынды.

Коронавирус тууралуу дагы бул жерден окусаңыз болот:

Учурдагы оору курч респиратордук вирустук инфекция эмес, бул коронавирус

Коронавирус: профилактика, симптомдору, дарылоо жолдору 

Коронавирус аныкталса, бирок өзүңүздү жакшы сезип жатсаңыз, демек бул…

Ичимдик ичүү коронавирустан сактайбы? COVID-19 врусу тууралуу миф

Коронавирусту күчөтүп жибербөө үчүн 6 негизги кадам. Кыскача инструкция

Коронавирустун жеңил формасынан жабыркагандар үчүн дем алуу гимнастикасы

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
«Айыл Банк» дарыгерлерге коронавирус менен күрөшүүдө жардамын улантууда

«Айыл Банк» дарыгерлерге коронавирус менен күрөшүүдө жардамын улантууда

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.