AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Боюмдан түшкөндөн кийин "оорукчан" деп үйүмө жеткирген кайын энеме рахмат

Боюмдан түшкөндөн кийин «оорукчан» деп үйүмө жеткирген кайын энеме рахмат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир аялдын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

Мен ата-энеме таарынбайм. Алар болгону «Эл эмне дейттин» курманы. Мен байкеме таарынбайм, ал болгону досторунун сөзүнөн чыга албайт. Мен эжеме таарынбайм, ал деле бекерпоз жездем менен жыргап жашап жаткан жери жок.  Мен сиңдиме таарынбайм, ал али окуучу, мен ага бакыт гана каалайм. Мен өзүмө таарынбайм, демек, баары ошондой болушу керек болчу.

Мен «жок» деп айтканды үйрөндүм.

Атам менен апамдар университетти бүткөндөн кийин эле мени чала тааныш жигитке турмушка узатышты. Баары ошентип келгенин айтышты, баары кийин бактылуу жашап жатканын айтышты. Бирок, бактылуу жашап жаткандарынан күмөнүм бар. Кебетелеринен андай көрүнбөйт.

Биринчи келген күнү эле таң атканга чейин казан жуудум. Саат беште жатып, кайра жетиде турдум. Бөлмөмө кирсем күйөөм жок экен. Эртеси түштө келди. Кайда жүргөнүн сурасам, ишим болбошу керек экенин айтты. Кайын энем келбей жатып күйөөмдү суракка алганымды айтып, жумушка салды. 

Мен келгенге чейин кайын журтум кантип жашады экен. Айтайын дегеним, бүт жумуш менин мойнума илинди. Байпактарына чейин жууп, койлорго чейин жем салчумун. Мен жок ачка отура беришчү. Анан келсем урушуп жатып калышчу.

Боюмда бар экенин эки ай болуп калганда билдим. Ичим катуу түйүлүп баса албай калдым. Күйөөмдү чакырсак келбеди. Жөрмөлөп барып кайын энемди чакырдым. Шашпай басып келип, карап турду дагы, анан тез жардам чакыртты. 

Боюнда бар деп аяшпады. Эки эсе жумушка салышты. Көп ооручу болдум. Тура албай жатып калган күндөрү чоң ызы-чуу болот эле. 39 градус температура м енен уй саап жүрдүм. Акыры боюман түштү.

«Неберебизди өлтүрдүң! Жогол, оорукчан келиндин кереги жок!» Кайын энем өз колу менен ата-энеме жеткирип беришти. Кетирбегиле деп суранбадым. Ошол үйдөн кетип жатканыма кубандым. Мен кетип жатканда күйөөм дагы үйдө жок болчу.  

Апамдарга «кызыңар оорукчан» экен деп, буюмдай эле таштап кетти. Ыйлаган жокмун, ишенесиңерби. 

Мен өзүмө убакыт бөлүүнү чечтим. Эч кимди укпай калдым. Мен бутума турдум. Азыр бизнесим жакшы киреше берип жатат. Баарына өз күчүм менен жеттим. Ишенгиле, өзүңөргө гана ишенгиле. Кылса болот экен. Эч кимди укпагыла. 

Бир убакта мени кууп чыккан кайын энеме рахмат. Мен ал турмуштан сабак алдым. Эч качан бирөөгө жагынып жана бирөөнү күнөөлөп жашабайм деп чечтим. Мен бул мен. Ар бир кадамым үчүн өзүм жоопкерчилик алам. Мен бактылуу болом. 

Жаман, адамгерчилик эмне экенин билбеген адамдар үчүн сынбюайм. Мен бийик болом! Бир келген жашоодо өзүмдү тандадым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Туугандар кайын энем экөөбүздүн купальникчен сүрөтүбүздү көрүп эстери оогон

Кой сойгонду, эт бышырганды үйрөткөн кайын энеме ыраазымын

Кайын энем мени көлгө эс алууга жибериш үчүн пенсиясын топтоп жүрүптүр

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

 

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
Таттуудан баш тарта албай

Таттуудан баш тарта албай, кыйналып жүргөндөр үчүн сонун маалымат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.