AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бишкекте туруп Американыкындай айлык алса болот. Эмир Мамашовдон кеңеш

Бишкекте туруп Американыкындай айлык алса болот. Эмир Мамашовдон кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам достор! Казакстандагы эң ири банктардын биринин туунду компаниясы болгон ONE Technologies компаниясында фронтенд-разработчик жана тимлид болуп эмгектенген Эмир Мамашов түз эфирибизде конокто болуп, жаштардын суроолоруна жооп берди. Маектин урунтуу учурларын төмөндөн окуңуз, түз эфир инстаграмда. 

— Мен IT тармакты эскирген китептерди окуп, видеолорду флешка сактап, жай интернет менен үйрөндүм. Ал кезде ушундай болчу. Учурда мүмкүнчүлүктөр көп. IT курстар бар, интернет ылдам иштейт, бекер видеокурстар толтура. Ошолорду пайдалангыла. 

— Өзүм 5 жыл университетте окудум. Окуу жайлар базалык билимди берет. Эгер азыр болсо, бир жылдык IT курстарды тандамакмын. 

— IT тармактар абдан көп. Алгач өзүңөрдүн кызыгууларыңа карагыла. Сайт жасагыңар келеби, тиркеме ойлоп тапкыңар келеби дегендей. Анан ошого жараша багыт тандагыла.

— Жалпысынан математиканын кереги жок. Мен өзүм математиканы жакшы билбейм. Бирок, өзүңөр көргөндөй программист болуп жүрөм. Андыктан, математиканы билбейм, программист боло албайм деген жөн гана шылтоо. 

— Программист болом десеңер орус тилин билбесеңер анче деле зыяны жок. Бирок англис тилин сөзсүз билишиңер керек. Бардык маалыматтар англис тилинде, жумушка орношууда дагы бул тил керек болот.

—  IT тармагын үйрөнүп, дүйнөлүк компанияларда иштеп жүргөн кырктан ашкан байке-эжелерди билем. Демек, кеп жаш куракта эмес.

— Ооба, мурун программисттер инроверт болчу. Азыр баары башкача, IT адиси шайыр адам, команда менен иштегенди билет. Адамдар менен иштешкенди дагы үйрөнгүлө. 

Ойлонуп отура бербей, алып туруп жасап салгыла! Кайрат Омурбек уулудан кеңеш

— Өзүңүздүн колуңуздан келбей жатса, ментор табыңыз. Ал сизге айтып, кеңеш берет. Анан оңой эле турбайбы деп каласыз. Ментор менен бул кесипти үйрөнүү дагы алда канча жеңил болот.

— Биринчи жолу Минске барганда программисттери бизден кыйын болуш керек деп ойлогом. Бирок, мен жаңылыпмын, алар биздей эле экен. Андыктан, коркпой эле иштеп, үйрөнө бергиле. 

— Ооба, башында түшүнбөйсүң, бир жылдап кыйналасың. Чыдап койсоң эле баары жеңил болуп калат. 

— Мен жумушка орношууга барып, маектешүүдөн жүз жолу куладым. Баарын эстесем мындан дагы көп. Андыктан, оңой эле багынып калбаңыз. Ар бир кулаганыңызды тажрыйба катары кабыл алып, алдыга гана умтула бериңиз. 

— Башка өлкөлөрдөй болуп бизде нефть жок, бирок бизде күчтүү адамдар бар. Эгер IT тармагын өнүктүрсөк, Бишкекте туруп Американыкындай айлык алып иштейбиз. 

— Кызыктуу болуш керек. Кызыксаң эле сага челлендж болот.

— Кичине ийгиликтериңер үчүн өзүңөргө белек алып бергенди унутпагыла. Бул үйрөнүү процессин жеңилдетет.  Мисалы, бир маселени чечкенден кийн өзүңүзгө белек алып бериңиз. Ошондо, үйрөнүү жеңил болот. Мен ошентип турам. Мисалы, өзүмдү мактап, өзүмө кымбат кийим алып берем. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

 

 

Белгилер: Карьера
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Машинамды кредитке алганымды билген күйөөм дароо өзгөрдү

Машинамды кредитке алганымды билген күйөөм дароо өзгөрдү

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.