AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бейтапканда жанымда жаткан келинге келген жаш жигит ким экенин билип таңкалдым

Бейтапканда жанымда жаткан келинге келген жаш жигит ким экенин билип таңкалдым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Супсулуу, келишимдүү, бою узун, ак жумал, 17 жаштардагы жаш жигит. Уктап жаткан келиндин жуурканын кымтылап, колун кармап, маңдайында карап отурду. Онтолосо тура калып, терин аарчып кирет. Суктанып отурдум. Бирок, бул жигит ким болду экен дедим. Күйөөсү дейин десем жаш. Баласы дейин десем окшошпойт. Ким болду экен?

Кечке маал күйөөсү келди. Оор басырыктуу, өзүнөн бир топ жаш эле улуу. Жанагы жигит бир аз ошого окшошуп кетет экен. Ошондо кайын инисиби? Кой өзүнөн сурайынчы. Качан ойгонот экен?

Уктап кетипмин. Көзүмдү ачсам тиги келин шорпо ичип отуруптур. Мени көрө калып сүйүнүп кетти.

— Эже, келиңиз шорпо ичиңиз. Балам көп алып келип коюптур, ачып кетпесин.  

— Балам? Ай, жанагы жаш жигит сенин балаңбы?

— Ооба.

— Сен өзү канчадасың?

— Отуз төрттөмүн.

— Ай ошондо канча жашыңда тийдиң эле?

Күлүп жиберди. Анан окуясын айтып кирди. Мен шорпосунан ууртап, кызыгуу менен угуп отурдум. Операция жасаган жеримдин ооруганын дагы унутуп калдым.

«Мен күйөөгө окууну бүтүп эле тийдим. Башында күйөм, сүйөм деген жигитим, таптакыр башка күйөө болуп чыкты. Кол көтөргөнүн айтпай эле коеюн. Биринчи балам боюман түшүп калды. Экинчиси дагы түштү. Үчүнчүсүндө эми балалуу боло албасымды айтышты. Күйөөм эмне кылды дебейсиңерби, мени түндө жарым жылаңач кылып көчөгө алып чыгып койду. 

Эже, кандай гана оор күндөр өттү дейсиз. Азап чеккенимди айтпасам дагы түшүнсөңүз керек. Экинчи балалуу боло албасымды билип жашоо оор болду, бирок жашайт экенсиң. 

«Мен балалуу боло албайм» дедим. Бирок, ал «мага турмушка чыкчы» деп дагы айтты. Мен кайра балалуу боло албасымды айттым. Ал сунушунан баш тартпады.

Чыныгы күйөө кандай болорун ошондо билдим. Мага кылган сыйы, камкордугу, мамилеси муздап, коркуп калган жүрөгүмдү жылытты. Ал эми үч баласы, энелик мээримимди ойготту.

Аялы көп жыл мурун каза болуп калыптыр. Үч баласы бар экен. 

Балдар дароо мени «апа» деп киришти. Ыйладым. Мен бул сөздү угууга зар болуп жүргөнүмдү билсеңиз кана. Атасынан өтүп үчөө тең мага үйрүлүшөт. Мен мээримге бөлөнүп жатып калдым. 

Жакында улуу кызымды турмушка узаттым. Күн сайын чалып менден кабар алып турат. Бул экинчи уулум, 16 жашта. Кичүүсү мектеп окуучусу. Азыр олимпиадада чет жакта жүрөт. Мына, карасаңыз каттарын, улам мени жакшы көрөрүн айтып кат жазып жатат. Келсе эле келерин айтты. Ошо эже…»

Ыйлап жибердим. Ушундай окуянын күбөсү болгонума кубандым. Тиги жигит дагы келди. «Апа сизге атам тамак берип жиберди» деп, бетинен өөп, баштыгын ача баштады. Эне менен баланын мамилеси деп ушуну айт. Байкуш келин үчүн ушундай сүйүндүм. Бакыт бар экен. Ишенгиле.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Күйөөмдүн бул сөзүнөн кийин кайын-журтум мага кийлигишпей калды

Күйөөмдүн бул сөзүнөн кийин кайын-журтум мага кийлигишпей калды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.