AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялымдын тоюн бузам деп баргам

Аялымдын тоюн бузам деп баргам, үйгө ыйлап келдим

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

“Апей ботом, Чолпонбек го!”, “Эмнеге келди?”, “Кимден укту экен?”, “Ай, байкеңди чакыр, ызы-чуу чыгат өңдү!”. Үйүнө кирип баратсам, эл аркаман шыбырап жатты. Маани берген жокмун. Бирок, уялдым. Босогодон эми аттайын дегенде кайын атам тосуп калды.

— Уулум, бүгүн той. Эл карап турат. Кызымды тынч узатайын. Кудалар келээр маал болуп калды.

— Ата, бир эле мүнөт, суранам, бир эле мүнөт Үмүт менен сүйлөшүп алайынчы.

— Балам, эски жараны ырбатып кереги жок, жолуңа түш.

— Мен баары бир кетпейм. Ушул босогодо Үмүт чыкмайын отура берем.

Кайын атам бир аз ойлонуп турду. Анан келиндерге карап, “Үмүттү чакыргыла!”, — деди.

Үмүт чыкты. Ак көйнөгү тоюбузду эске салды. Баягыдай эле супсулуу, жок, андан да сулуу.

Биз баш кошкондо кар жаап жаткан. Экөөбүз жаш баладай кубанып, “сүйүүбүз түбөлүк болот экен” дегенибиз эсимде. Баарын өз колум менен буздум.

Апам менен эки эжем Үмүттү кабыл албай коюшту. Эмне иш кылбасын жактырышпайт. “Шыпыргыны ордуна койбойсуңбу”,-деп, апам болбогон майда-чүйдө нерселер үчүн урушчу. Эсимде, бир жолу Үмүт шорпо жасады. Уулу эжем бир аз даамдап көрүп, “ит дагы мындай тамак ичпейт”,-деди да, көз алдынча раковинага төгүп салды. Эжем чыгып кеткенден кийин, “мени уят кылбай, жакшылап жасабайсыңбы”, — деп атырылдым. Байкушум көз жашын төккөн боюнча ашканда жалгыз калды. Шорпо даамдуу болчу.

— Чолпонбек, өзүнчө жашасак кандай болот?

— Кайда?

— Батирге чыгабыз, мен жумушка орношом, сага жардам берем.

— Эсиң жайындабы? Ата-энем эмне болот?

— Келип кабар алып турабыз. Анан …

— Болбогон кептериңди токтотчу. Мен тепселенди батирлерге жашабайм!

— Аябай кыйналып кеттим. Сен жумуштасың, көп нерсени билбейсиң.

— Кайдагыны айтпачы. Тур апам чакырып жатат.

Мыкты күйөө боло албадым. Эркек катары аялымды коргоп турсам, эч ким ага сөз тийгизе алмак эмес. Ыйлап отурса, көрмөксөн болуп басып кетчүмүн. 

Колун сурап жатканда, “Сени бактылуу кылам!” деп, тизелеп макул болуусун өтүнгөм. Алгандан кийин баарын унуттум.

Апамдарга кошулуп бакырып уруштум. Эх, эмне деген гана сөздөрдү айтпадым. Байкушум, баарына чыдап, үй-бүлөбүздү сактап калуу үчүн аракет кылып жатты. Келгенден бери бир да жолу апама же эжеме катуу айткан жок. Жадакалса, үйүнө барып сагынычын таратып келүүгө уруксат бербедим. Акыры башка кыздарга көз сала баштадым.

Жумуштан келсем эжемдер сүйүнүп жүрүшөт. Эмне болгонун сурасам, Үмүт кетип калганын айтышты. Анан эч нерсе болбогондой, башка кыздардын сүрөтүн көрсөтүп, кимиси жагаарын сурап жатышты. Артынан барайын деп сыртка чыктым, бирок, “кайда бармак эле”, — деп досторума кошулуп сайрандап кеттим. Келген жок.

— Уктуңбу, аялың турмушка чыгып жатыптыр.

— Эмне дейсиз?

— Кошуналарынын бирөөсүн тааныйм, базардан жолугуп калдык.

— Эже, жакшылап түшүндүрүңүзчү. Кимге?

— Анысын кайдан билем.

Үйүнө кантип жеткенимди билбейм. Дарбазасында шарлар илинип турат, коноктор кирип-чыгып жүрөт. Ачууланып кирип бараттым эле, эрким кайдадыр жоголуп кетти.

— Эмне үчүн бул жакка келдиң?

— Сени сагындым. Катуу. Кечээ эле үйлөндүк эле, азыр минтип ажырашып. Ишенбей турам. Баарын жаңыдан баштасак болобу?

— Мүмкүн эмес. Буга сен күнөөлүсүң.

Кирип кетти. Машинага түшүп, шолоктоп ыйлап жаттым. Үмүттү канчалык сүйөөрүмдү эми түшүндүм.

— Кайда баратасың?

— Чет жактан жумуш чыкты.

— Тиги кыз менен жолукмак эмес белең?

— Эже, кийинки жашоом эмне болоорун билбейм. Бирок, бир нерсени гана так айта алам, мага Үмүт эле керек болчу. Эми башкага үйлөнбөйм.

— Бизди кечир.

— Баарына өзүм күнөөлүмүн. Жеткенде чалып коем. Жакшы калгыла.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

«Калың бербейт экенсиң» деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кыргыз баатырларын билбей калып уят болбойсузбу? Тесттен өтүп көрүңүз

Кыргыз баатырларын билбей калып уят болбойсузбу? Тесттен өтүп көрүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.