AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Атамдын туугандары "карыганда чалын эмнеге таштайт" деп апамды жемелешти

Атамдын туугандары «карыганда чалын эмнеге таштайт» деп апамды жемелешти

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«Кичинемде апамдын бети көк деп ойлочум. Эс тартып калганда ал атамдын муштумунун изи экенин билдим»,- деп катын баштаган жаш келиндин баянын жарыялап, психологдун кеңешин сунуштайбыз.

«Апам байкуштун сынбаган сөөгү калбады»

Атамды жакшы көрөмбү же жокпу айталбайм. Так билгеним андан катуу корком. Мен гана эмес, апам менен байкем атамды көргөндө титиреп турат. Ичип келгенде баарыбыз бекинебиз. Жыртыкычтай бакырып бизди издегенде, апам байкуш төшүн тосуп чыкчу. Апамды уруп жатканын угуп, байкем экөөбүз кучакташып ыйлайбыз. Балалыгыбыз ушинтип өттү.

Атамдын туугандары коңшу көчөдө турушат. Баарынан кабардар, бирок бир басып келип “кой” деп койгонго жарашпайт. Кээде түнкүсүн атам ичип келип тополоң салганда, үйлөрүнө качып барсак киргизбейт. “Токмоктосо эмне экен?” деп кайра апамды урушуп, жолуна салышат.

Байкем окуусун бүтөөрү менен Россияга кетип калды. Атам жокто чалып, “бул жакка келгиле”,- деп чакырат. Тагдырына багынып берген апам макул болбойт. Атам “Балаң качан акча салат?”- деп апамдын мээсин жеп, жөн эле кир жууп отурса деле барып баса калат. Кыскасы, сакалын ак басып калса да апама кол көтөргөнүн токтотподу. Канча ирет апамды коргойм деп денем көгөрүп жүрдү.

Апам байкуштун сынбаган сөөгү калбады.

Турмушка чыктым. Кесарево менен төрөдүм. Жардам керек болуп жатат, деп апамды жаныма чакыртып алдым (болбосо келбейт эле). Кебетесин көрүп ыйлап жибердим. Кыязы атам кечээ эле токмотогон окшойт. Эрини жарылып, бир көзү шишип, аксап кирип келди. Кийимдеринин баарын көтөрүп алыптыр. “Байкең алып кеткиче, сеникинде болоюн” дегенде сүйүндүм.

Бир күнү чогуу тамактанып отурсак кошуна эже чалып, атам каза болуп калганын айтты. Үч күн мурун үзүлүптүр. Денеси жыттана баштаган экен. Дүкөнчү карызын сурап келип, көрүп калыптыр. Россиядан байкем келип, атамды жерге бердик. Туугандарыбыз “карыганда таштап кетпей, жанында турса гана”,-деп апамды жемелеп киришти. Кайын эжеси ачык эле, “эмнеге кетип каласың”, — деп жакалады.

Дарыгерлер өлүмүнүн себеби боордун циррозу экенин айтышты.

Байкем үйдү сатып, апамды жанына алып шаарга көчүп кетти. Атамдын туугандары “байкебиздин үйүн эмнеге саттырасың”,- деп апама дагы асылышты. Апамдын жүрөгү кармап бейтапканга түшүп калды. Кечээ кабар алганы барсам, “атаңдын жанында болсом, азыр тирүү болмок беле?”- деп өзүн күнөөлөп ыйлады. Эмне деп сооротушту билген жокмун.

Айткылачы, апама кантип жардам берсем болот. Атамдын туугандары ар кайсыны айта берип, өзүн чындап эле күнөөлүү сезип жатат. Кандай сөздөрдү айтып колдоо көрсөтө алам? Мага кеңеш бергилечи.

Адис кеңеш берет

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Катыңызды окуп бүткүчө коркуу сезими кеткен жок. Апаңыздын өмүр бою атаңыздын токмогуна чыдап жашаганы — ал үчүн бул норма болуп калганынан жана ур-токмок менен коштолгон жашоону тандап алганынан кабар берет. 

Мындан тышкары, үй-бүлөңөрдө болгон жаман окуялардын баарын эске алганда — ур-токмок, чыр-чатактар үчүн атаңыздын туугандары апаңызды күнөөлөгөн. Ошентип, апаңызда өнөкөт күнөө сезими бекемделеп калган. Ал эми атаңыз апаңызды өлтүрүп койсо эмне болмок эле, балким, туугандары анын өмүр бою азап чеккенин, ошондой күйөөгө чыдап жашаганын жана баатырдык менен өлгөнүн айтышмак. 

Эгер кырдаалга терең анализ жүргүзсөк, анда бул каттын негизги маңызы, аял өзүнө бактылуу болууга мүмкүндүк бериши керек. Күнөө сезими —  бакыттан коргонуу болуп саналат. Баары жакшы болгон күндө да, ар дайым өзүнүн күнөөсү менен баарын бузуп коюшу мүмкүн. Себеби ал азап чегүүгө көнүп калган. 

Апаңыздын ой жүгүртүүсүн өзгөртүүгө күчүңүз жетпейт. Бирок, ага кам көрсөңүз, жакшы нерселерге гана татыктуу экенин айтсаңыз жана чогуу убакыт өткөрүп, сейилдеп, кичинекей нерселерден ырахат алууну үйрөнсөңөр — булардын баары акырындык менен адамдын ички дүйнөсүн өзгөртө алат. Сизге ийгилик каалайм! 

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Balance.kg тиркемесин жүктөп

Balance.kg тиркемесин жүктөп, жагымдуу бонустарга ээ болуңуз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.