AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Атамдын бул сөзүнөн кийин кыздарга барбай калдым

Атамдын бул сөзүнөн кийин кыздарга барбай калдым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

«Ким канча кыз менен сүйлөштү эле?» Достор менен жолукканда негизги темабыз ушул эле. Бир кыз менен жүрүп, кайра мамилени бузуп башкасы менен сүйлөшүп. Сүйлөшкөн кызың канчалык көп болсо, ошончолук абройлуу элең. Достор менен кадимкидей атандашат элек. Эх, жаштык.

Кезектеги сүйүү мамилеси. Сабактан чыгып экөөбүз жетелешип келатканбыз. Атам жолугуп калды. Тааныштырдым. Экөөбүздү кафеге алып кирди. Жакшы отурдук. Кечинде апама келин баласы жөнүндө айтып берди. Маани деле берген жокмун. 

Атам экөөбүз короодо кыбырап жүргөнбүз. Сөздөн-сөз чыгып сүйгөн кызымды көрсөттүм. Атам таңкала карап койду. Унчуккан жок. Баягы келин баласы эмес болчу. 

Сүйлөшкөн кызым болсо болду болчу. Жактырамбы же жокпу мааниге ээ эмес эле. Ичимден бир нерсе кыйнай берчү. Аны кийин түшүндүм. 

«Карындашың дагы бирөнүн кезектеги сүйгөн кызы болсо керек, э?» Атамдын бул сөзү ачуумду келтирди. «Же кийин кызың» дегенде андан бетер ачуум келди.

— Ата, андай болбойт!

— Сен кайдан билесиң?

— Мен, мен…

— Уулум эркектин улуулугу эмнеде билесиңби? Бир аялды сүйүп, аны менен өмүр бою жашап кеткенинде. Бул абдан кыйын иш. Көпчүлүктүн колунан келбейт. Алсыздар толтура уулум. Бир аялды сүйүү ушунчалык оор, бирок чыныгы эркектин колунан келет. Менде деле толтура азгырыктар болгон. Мен сынган жокмун уулум. Апаңды сүйүү канчалык оор, ошол эле учурда сонун экенин билсең кана. Сен азыр жеңил, алсыз эркектин жолунда жүрөсүң. Аялды сыйлаш керек, сүйүш керек. Мына чыныгы мырза. А алсыздар санга маани берет, шылтоолорду айтат, «подкаблучник» дейт. Анткени алар алсыз уулум. Сен бир аялды сүйүп жашай аласыңбы? Жообуң «жок» болсо, эркек эмессиң деп эле айтам. Ушул нерсе колуңдан келбесе, башкасын жыргатпайсың. 

Уялдым. Ушунчалык уялдым. Уялдым.

Бир аялды сүйүп жашай турган мырза болгум келет. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине «апа» деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Апама бул сөздү айтып алып аябай өкүндүм

Апама бул сөздү айтып алып аябай өкүндүм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.