AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Атама жигитимди тааныштырсам

Атама жигитимди тааныштырсам, «бул сага жигит болууга жарабайт» экен деди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жигитим тердеп, кызарып чыкты. Бетин жууй берип, ак көйнөгүн дагы суу кылды. Улам машинасынын күзгүсүнө каранып чачын оңдоп, менден жакшынакай эле көрүнүп турабы сурап коет. Толкунданып жатканы мага жагып жатты. Айылга ата-энем менен тааныштырганы алып баратам. 

«Сени жактырып калган окшойт, үч күндөн бери кайра эле паролун унутуп калганын айтып келип жатат.» Банкта оператор болуп иштейм. Кесиптешим ушинтсе тиги жигитти карап тааныдым. Мени карап олтуруптур. Карасам билмексен болуп эки жагын карайт. Күлүп жибердим. 

Мага келип отурду. Эмне болгонун сурасам дагы картасынын паролун унутканын айтты. Мен тейлегиче тердеп, сүйлөй албай, кызарып чыкты. Мындай карасам жөнөкөй, жагымдуу жигит экен. Уялып жатканы билинди. Сүрдөп шашып туруп кетти. Артынан чуркап чыктым.

«Чоң жигит. Бул менин номерим, улам келе бербей, паролуңузду унутуп калсаңыз мага чалыңыз.» Биринчи кадамды мен таштадым. Ой боорум. Калп айтпайм, мага деле жагып калды. Сүйүнүп, көздөрү жайнап чыкты. 

— Паролумду дагы унутуп калдым.

— Эмне кылсаңыз эстейсиз, ойлонуп көрүңүзчү.

— Сиз менен тамактансам эле эсиме келчүдөй.

— Анда макул.

Экөөбүз күлүп жибердик. Андан бери бир жыл өттү. Ар дайым чогуубуз. 

Кыялымдагы адам болуп чыкты. Жаңылбапмын. 

Атама ушундай бир жигит менен сүйлөшүп жатам дедим. Атам оор басырыктуу киши. Көп адамды жактыра бербейт.  «Үйгө келип тамактанып кетсин» деди. Мага кабатыр болуп, ким менен жүргөнүмдү билгиси келгенин дароо түшүндүм. Жигитиме айтсам, албетте барарын айтты. Айылга жөнөдүк.

Апам чыныга суусун көтөрүп алып тосуп чыкты. Көптөн бери айылга келе элек элем. Машинадан чуркап чыгып, апамды кучактап өөп кирдим. Жигитимди унутуп деле калыпмын. Анан эсиме келди. Апам менен учурашып, алган гүлүн сунду. Апам ак көңүл ага баары жага берет. Атам чыкты. Мени чекемден өөп, чачымдан жыттады. Жигитим чуркап келип салам берди. Үйгө өттүк.

Атам менен жигитим сыртта бир топко сүйлөшүп отурушту. Апам божурап айылдын кабарларын айтып берип жатты. Менин көзүм терезеде. Экөөндө баары жакшыбы, эмне деп жатышат деп кызыгып карап коем.

Мен айылга бир жумага калып калганы келгем. Кечинде жигитимди шаарга узаттык. Атам машинасы узап кеткиче кол булгалады. Кызык дедим. Анан апам кирип кеткенден кийин мени карап «бул сага жигит болууга жарабайт, бул жигит сага күйөө болууга жарайт, мыкты адам экен кызым» деди. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

 

 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Кайын эжемдин кара кызына айткан сөздөрүн угуп ичим өрттөндү

Кайын эжемдин кара кызына айткан сөздөрүн угуп ичим өрттөндү

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.