AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Атам “сен аял алгандан кийин

Атам “сен аял алгандан кийин, апаң ачылып кетти” деди

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«Ушул кыздын баркына жетсем экен»

Биринчи курс. Университет. Коридордо достор менен сүйлөшүп турганбыз. Аудиторияда кыздар каткырып отурушкан. Бир күлкү көңүлүмдү бурду. Акырын барып карадым. Кимдики болду экен? Мына, дагы күлдү. Бирок, бетин көргөнгө жетише албадым. Агай келип калды.

Бассам-турсам ошол күлкү оюман чыкпайт.

Группалаш кыздар менен деле жакшы тааныша элекпиз. Барып сурайын дейм, тартынам. Анан дагы кантип сурамак элем. “Кыздар күлүп койгулачы” десем, акылынан тайган бирөө деп ойлошот го.

Издеген күлкүмдү үчүнчү курста таптым.

Жаңы жылда үчүнчү курстардын баары чогулуп отуруш жасамай болдук. Студенттерде кайдагы акча. Жатаканадан эле бир бөлмөгө стол даярдадык. Гитара. Бек Борбиевдин ырлары. Бий. Сонун болуп жатты. Кечебиз ортолоп калганда жанагы күлкүнү уктум. Карасам коңшу группадагы Адинай деген кыз экен. Эх, Адинай, Адинай… Сени канча издегенимди билсең кана!

Бийге тарттым. Көздөрү бир укмуш экен. Ичине чөгүп кеттим. Дароо эле баш кошуу сунушун киргиздим. Күлдү. “Ушул күлкүңдү угуш үчүн, өмүр бою сени күлдүрүп өтөм” дедим. Ошентип биздин сүйүү баяныбыз башталды.

Э кудай, ушул кыздын баркына жетсем экен.

Апам катып жүргөн ак жоолугун салды. Жеңелерим сары май оозантышып, чачыла чачышты. Улам эшиктен чуркап келип көшөгөнү карап коем. Келинчегиме суктанып бүтө албай жаттым.

— Апа, көзүмө башкача көрүнүп жатасыз.

— Келиним ак чачымды боеп, кашымды терип берди.

— Апа, көйнөгүңүз укмуш экен.

— Келиним тандап берди.

Атам айткандай, Адинай келин болуп келгенден бери апам ачылып, жашара түштү. Мурун деги эле күзгүгө көрүнчү эмес эле, азыр алдында бир сааттан кем турбайт. Келини экөө бетттерине маска жасап, тырмактарын боеп кобурашып отура беришет. “Келиним мыкты экен, сөз жок”,-деп атам айтып калат. 

Ата-энеме көрсөткөн сыйын көрүп, ушунчалык ыраазы болом.

— Адинай.

— Оу.

— Рахмат сага.

— Эмне үчүн?

— Мени бактылуу кылганың үчүн.

— Анткени, сен бактылуу кылып жатасың.

— Мен сени сүйөм.

— Мен сени сүйөм.

— Жакшы жат.

— Жакшы жат.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
«Айыл Банк» дарыгерлерге коронавирус менен күрөшүүдө жардамын улантууда

«Айыл Банк» дарыгерлерге коронавирус менен күрөшүүдө жардамын улантууда

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.