AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Атам “күйөөгө тийсең эле жашоо бүтүп калбайт

Атам “күйөөгө тийсең эле жашоо бүтүп калбайт, окуйсуң!” деп урушту

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Үч бир тууганбыз. Иним жана сиңдим бар. Күтүлбөгөн жерден апабызды жоготуп алдык. Чоң энем атама экинчи ирет үйлөнүү сунушун киргизди, “Балдарымды бирөөгө кор кылгым келбейт!” — деп баш тартып койду. Ошентип биз үчүн апасыз, атам үчүн жубайсыз жашоо башталды.

Үйдүн уулусу катары жумуштардын көбү менин мойнумда. Мектептен келип тамак жасайм, үй жыйнам. Саат бештерде бала бакчага барып сиңдим менен инимди алып келем. Анан атам жумуштан келет.  Босогону аттаары менен “бар сабагыңды оку, калганын мен кылам” деп бөлмөмө кууйт. Ошентип турмуш улана берди.

Бир күнү  көп жумуш кылып аябай чарчадым. Кеч. Атам экөөбүз чай ичип отурабыз.

— Сабактарың жакшыбы?

— Ооба, жакында экзамендер башталат.

— Даярдандыңбы?

— Анча деле эмес.

— Эмнеге? Окууга өтпөй калсаң кантесиң?

— Чоң энем жакшы күйөө таап берем деди.

Атам тарс эттире чынысын столго койду. Мультфильм көрүп отурган эки кичинекей чочуп кетишти. Мен тостоюп калдым.

Классташым менден башка эки кызга валентинка бергенин угуп ыйлагам

“Күйөөгө тийсең эле жашоо бүтүп калбайт! Турмуш кургандардын баары эле жыргап жатышабы? Ажырашкандар толтура. Баштары бош, бараарга жери, кылаарга иши жок, көчөдө жүрүшөт. Кызым билим керек. Окуйсуң! Сени казан-аяк жуусун деп эмес, дүйнө көрсүн деп өстүрүп жатам. Билим алсаң эл-жер көрөсүң, эң башкысы сыйлуу болосуң”, — деди да туруп кетти.

Ар дайым атам ачууланганда сыртка чыгып кетет. Бир-эки саат көчө аралап демин басып келет.

Туура эмес сүйлөп алганымды түшүндүм. Идиштерди жыйнап коюп экзаменге даярдана баштадым.

“Кыздын бараар жери күйөө”, “Окуп эмне кыласың, андан көрө күйөөгө тий”,  “Аял деген үйдө отуруш керек” ж.б. Чоңойгон сайын бул “дежурный” сөздөрдү көп укчу болдум. Бирок, китептен башымды алган жокмун. Экзамендеримди бешке тапшырып, чет өлкөдөгү бир университетке өттүм. Алгач бул кабарды укканда ишенбедим. Өзүмө келгенден кийин, билим менен көп нерсеге жетсе болоорун түшүндүм.

Акыркы коңгуроо. Аттестатымды алып түшүп келатып атамды карадым. Көз жашымды акырын сүрттүм, атам мага кол булгалады. Көздөрү мени менен сыймыктанып жатканын айтып турду.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам «тур, үйүңө жөнө» десе, апам “келиниме сүйлөбө» дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын атам картошка аарчып жардам берет

Кайын атам картошка аарчып жардам берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.