Киндигим жагымсыз жыттанат
Менин киндигимден сасык жыты бар суюктук агып жатат. Бул эмне себептен?
Чынара Балтабаева
Терапевт
Киндигиңиз жагымсыз жыттанып, суюктук бөлүнүп чыгып жатса, себептери абдан көп. Алсак киндикке чаң же кийимдердин калдыктары сыяктуу кир нерселер түшүп, инфекцияларды өрчүтөт. Кычышуу менен башталып, суюктук агып калат. Андан тышкары киндик сезгенгенде, заара көбүкчөсүнүн кистасы пайда болгондо, аялдарга жакшы тааныш болгон кандидоз, сепсис жана башка ооруларыдын белгиси болушу мүмкүн. Сиз тезинен дарылаңыз. Өздүк гигиенаны сактап, жуунгандан кийин киндикти жумшак бет аарчы менен кургатып, перекис менен жууп коюңуз. Тезинен хирурга же терапевтке кайрылып текшерүүдөн өтпөсөңүз, коркунучтуу ооруларды козгойт.