// //

Аккредитация мектептерден тест алабы?

2018.03.07, 10:50
1062

Быйыл Аккредитация болот деп тестке даярданып жатабыз . Баллыбыз 40% тен отпой калсак атестат албай калат деп жатышат , бул чынбы ? Канчанчы класстардан алышат ?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.03.2018, 16:08

Марина Греченная

Билим берүү жана илим министрлиги

 

Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиеванын буйругуна ылайык 11-класстын окуучуларына 5 сабактан жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация жүргүзүлөт. Экзамендер 2-20 июнга чейин болот. Милдеттүү предметтер:

  1. Эне тили -2 июнь
  2. Математика 6-июнь
  3. Орус, өзбек, тадиж тилдеринде билим берген мектептерге кыргыз тилинен, кыргыз тилдүүлөргө орус тилинен диктант-9 июнь
  4. Кыргызстан тарыхы
  5. Тандоо предмети

Эгерде жыйынтыктоочу аттестациядан төмөн баа алып калсаңыз, аттестат албай калам деп коркпой эле коюңуз. Кайрадан төмөн баа алган предметиңизди мектепте июнда боло турчу экзаменден тапшыра аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт