// //

Кыргыз кыздарга кандай балдар жагат өзү? Чет өлкөдө окуган жигиттин суроосу

2023.02.06, 10:36
2922

 Кыймылдаган кыр ашат болуп, көз ачып жумганча эле 25 жаштын ашуусун аштым. Айылда окуп, андан кийин шаардан лицейде окуп, андан соң борбордо бюджетте өз күчүм менен окууну бүтүрдүм. Айылдын да, шаардын да турмушун жакшы билем деп ишеничтүү айта алам. Окуудан жетишкен ийгиликтердин арты менен студенттик кездерден эле алмашуу программалары менен чет жактарга, Европа өлкөлөрүнө чыгып келдим. Бир нече тилде сүйлөйм, мамлекеттер аралык мелдештерден орун алган жагдайларыбыз да бар. Азыркы учурда Европанын өнүккөн өлкөрүнүн биринде инженер болуп иштейм. Жашыбыз жакындаган сайын тууган-уруктан суроолор көбөйүп "качан үйлөнөсүң?" -деген сөздөрдү күн алыс эле угуп калдык. Досторумдун жарымынан көбү үйлөнүп, ар кими өз турмуш жолуна түшүп жатканын көргөн соң үйлөнүү жөнүндө ой уйгу-туйгу кылат экен. А бирок акыркы 2 жылдан бери мамиле курууга болгон аракеттерден майнап чыга элек. Балким кеп байлыктабы? Анткени окуп жүрүп карьера эми гана башталып жаткан чагы, мына деп көрсөтө алчу байлык жок. Билим, тажрыйба, эл аралык байланыштар байлык сымал материалдык эмес болгондуктан, мына деп көзгө сая көрсөтө албайт экенсиң. Балким кептип баары тойлордо? Анткени мекенден алыс жүрүп бойго жеткен кезде тойлорго деле бара албай жүргөн кербез. Мени да бир пери күтүп жүргөнүн билем, бирок кээде жогоруда айтылган ийгиликсиз мамилелерден кийин үмүт шамы күн сайын өчүп бараткансыйт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.02.2023, 10:40

Зарина Усупова 

Психолог

Саламатсызбы!

Сиз айтып өткөн ийгиликтериңиз бааланбайт туура деген чечимиңиз капалантты. Эч бир байлыкка сатып алгыс тажрыйба, билимиңиз бар экен. Бул нерсени кимдир бирөөгө тастыктагандын кереги жок, ал нерсени өзүңүз үчүн кылдыңыз да туурабы? Өзүңүз баалап, сыймыктансаңыз жакшы болот. Башкалар телегей тегиз болсо да, бир кынтыкты таап чыга берет.

Турмуш куруу максаты так өзүңүздүкү экенини күмөн болуп жатат. Себеби "үйдөгүлөр, тууган-туушкандар сураганда, достор үйлөнгөндө, жаш курагым өтүп жатканынан үйлөнүш керек деген ойго чөмүмүп калдым" деп жатасыз.

Негизи сиз өзүңүз азыр үйлөнгүңүз келип жатабы? Сизге кандай кыздар жагат?Ушулардын үстүнөн ойлонуп көрүңүз. 

Кыздар менен болгон акыркы ийгиликсиз мамиле сиз үчүн умуттун үзүлгөнү эмес, тажрыйба, сабак катары кабыл алсаңыз туура болот.

Сүйүү сезимиңиз менен өзүңүзгө татыктуу пери менен бактылуу болушуңузду каалайм.

Психолог Зарина Усупова менен инстаграмдан @Zarinausupova.psy баракчасы аркылуу байланыша аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт