// //

Курут саткан кичинекей ишкер Артурдан 5 кеңеш

2022.12.22, 12:42
2784

Артур Жуматаев 9 жашта. Учурда 3-класста окуйт. Кичинекей болгонуна карабастан абдан зирек бала. Келечекте чоң бизнесмен болгусу келет. Тактап айтканда, сүт азыктарын чет өлкөгө экспорттоо менен алектенүүнү кыялданат. Ал тилегин азыртадан эле орундатып, бош убактысында курут сатат. Кичинекей ишкердин өзүнүн эрежелери бар, аны бүгүн биз менен бөлүштү.

Чыдамкайлык

Орустарда "Терпение и труд всё перетрут" деген макал бар. Бул деген аябай көп аракет кылышңар керек. Эч качан жарымына келгенде таштап койбошуңар керек. Аракет кыла берсеңер, бир учур сөзсүз келет. Ошондо мээнетиңер акталат. 

Баскычтар

Дароо чоң нерсеге жетем деп, чоңдон баштабаш керек. Баарын кадам-кадам менен жасаш керек. Мисалы, эч нерсе билбей туруп сатууну баштоо же чоң мамлекеттерге экспортоп баштоо. Мындай болбойт, ар бир кадам ойлонуп жасалып, андан кийинки баскычка өтүү керек. 

Майда нерселер

Майдадан башташ керек. Эмне үчүн жасап жатканыңарды билбей эле, жасай берсеңер бул өзүн алдоо болуп калат. Максатыңарды тактап алышыңар керек. Бул ишти эмне үчүн жасап жатасыңар? Ушуга жооп болсун.

Жарым жол

Эч качан баштаган ишти жарым жолдо таштап койбош керек. Ооба, кыйынчылыктар болот. Силер алардан өтө албай таштап койсоңор, андан ары күтүп турган сонун нерселерге жетпей каласыңар.

Эмне?

Эмне жасаш үчүн, эмнени жасоо керек экенин билгиле. Бир нерсеге жеткиңер келет, бирок башка нерсе жасап жатасыңар дейли. Бирок, максатыңар менен аракет эки башка нерсе болуп калат дагы, каалаган нерсеңерге жетпей каласыңар.

Бул жерден башка пайдалуу материалдарды окуй аласыз:

Жаман ойлорго жол бербе! Жоламан Шаршенбековдон кеңеш

Дипломдун кереги жок! Программистке 10 кызыктай суроо

"Сен бул дүйнөдө эч кимге карыз эмессиң!" Данияр Эмиловдон кеңеш

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт